Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Өзү кетип, көздөйлөрү калабы?..

Жазылуу
Арбаңыздар, туугандар. Күнүбүз жагымдуу маанай менен башталып жемиштүү болсун!

Карысы бардын ырысы бар демекчи, улуу муундун өкүлдөрү жашаган үйдө баары бир ырыскы, кут болот. Эртең менен жумушка кетип бара жатсак кошунабыздын 80ден ашкан апасы адатынча огородун тазалап, чөптөрдү отоп тазалап жүрүптүр. Ал таптакыр жаны тынбаган биздин сүйүктүү Сайрагүл апа. Бүгүн окурмандарга дал ушул адам тууралуу жазгым келди. Үйүбүздүн бет маңдайында бир туугандай катташкан Назира деген эже жашайт. Анын жолдошунун көзү өтүп кеткенине төрт жылдан ашып калды, ошондон бери кызынын жанында балдарын каралашып жашайт. Бирок анын кыймылдаганы, эмгекчил, иштермандыгы айрым жаштарды артка калтырат. 2-3 жылдын ичинде эшигинин алдын гүлдөтүп бакчага айландырды. Гүлдүн түрүн ошол жерден тапсаң болот. Тамактарды түрлөп жасап, лагмандын камырын чоюп, ар түрдүү таттуу токочтор менен неберелерин кубантат. Сайрагүл апа биздин да чоң апабыздай, балдарыбыз турса эле ошол үйдү көздөй чуркайт. Айтор, баарыбыздын сүйүктүү чоң апабыз. Эми кечээки күнкү маанилүү маалыматтарга саресеп салсак. 

Бөлөсүнө турмушка чыгам деп балдарынын тагдырын талкалаган эне. Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Кара-Дөбө айылынын 57 жаштагы тургуну Өлмас Турсунбаева бөлөсүнө турмушка чыккандыктан, эки баласы майып төрөлгөн. Туура эмес чечимден азап тартып жаткан эне 30 жаштан ашкан балдарын азыркыга чейин жаш баладай карайт экен.

Өткөн аптада социалдык тармак кызыктуу окуяларга бай болду көрүнөт. Айрыкча спорт жаатында. Дал ушул интернет айдыңында "дүң" болгон маалымат, видео, постторду кабарчыбыз Эламан Кармышаков чогултуп чыкты.

Кыргыздын "Брюс Лиси" аталган жети жашар Нурмухаммед Ташмаматов жакында "№7" аталышындагы тасмага тартылганы жатыптыр. Эмне демекчибиз, таланты ташкындап Голливуд жылдызы болсун!

Ал эми Сузак районунун Ак-Терек айылында тогуз жаштагы баланы ат сүйрөп кетип каза тапты. Байкуш бала ата-энесине жардам берем деп ат менен отун тергени барган экен. Кырсык болгон учурда анын жанында апасы болуптур. Бул учур эми анын көз алдынан өмүр бою кетпейт го… 

Өзү өстүргөн бала өкмөт башчы болгонуна кубанган ажо. Алмазбек Атамбаев Өзгөндө жер көчкүдөн жабыркаган эл менен жолугушуу учурунда жаңы түзүлгөн өкмөт президент баштаган жол менен кетерине ишенерин айтып, анын ишенген досу президент болуп каларын ойлоп турганын да жашырган эмес.

Аба ырайы. Бүгүн өлкөдө күн ачык болот.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.59 (сатып алуу) жана 68.88 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгүсү 38.60 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.20 сом, ал эми дизель майы 36.60 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Карыларыбыз бар болуп, көп жашасын!

Аманчылык тилеп, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0