Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Уйкусураган бойдон ажолукка аттанып...

© Sputnik / Табылды КадырбековШаар тургундагы жамгын учурунда. Архив
Шаар тургундагы жамгын учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түндөн түгөл чыктыңызбы, замандаш.

Зарыгып күттүргөн жамгыр жаап, жыргап эле калдыңызбы? Кыргызстан ушундай кереметтүү өлкө. Төрт мезгил айланып, кышкысын кыштай, жайкысын болсо мээлүүн. Анан сиз экөөбүз наалый баштаганда жамгыр себелеп, муздак жел беттен сылайт. Ата-бабаларыбыз убагында көчмөн калк болуп, Ала-Тоого байыр алганы жөн жерден эмес. Сиз экөөбүзгө жайкысын салкын, кышкысын жылуу болсун деп Ысык-Көлдүн жээгинен, Сары-Челек менен Сулайман-Тоонун боорунан орун алган. Андыктан аларга таазим этүү менен жашоого болгон нааразычылыкты жыйыштырып, көңүлгө көлөкө түшүргөн ойлорду алыс ыргыталы да алга карай жылалы!

Эгер бул сөздөр да кубат бербей, биздин Табага окшоп уйкуңуз ачылбай жатса, тор көйнөк кийип, кериле баскан сулуулардын сүрөтүн сунуштайм. Баса, бул селкилердин сулуулугун арттыра сүрөткө тарткан дал ушул Таба Кадырбеков.

Эгерде сүрөт аздык кылып жатса, ушул эле бийкечтердин кериле баскан видеосун көрсөңүз болот. Бул кадрларды болсо талантуу агабыз Эмил Садыров тартып келген.

Уйкуңуз чамачтай эле ачылдыбы? Ачылганы жакшы. Болбосо айрымдар уйкусураган бойдон президенттикке катталып жатышат. Ошентип отуруп алардын саны 23кө жетти. Албетте, арасында ажолукка татыктуулар бар деңизчи. Бирок, кой аксагы менен миң эмеспи.

Жараткан насип этип, өлкө башчысы болуп калса эң биринчиден мугалимдер менен дарыгерлердин, пенсионерлер менен маданият өкүлдөрүнүн маянасын көтөрүп, жакшылап караса экен. Анткени дал ушул адамдар бар өлкөбүз өнүгүү жолунда бара жатат. Мамлекетти алты жылдан бери башкарып келе жаткан Алмазбек Атамбаев дагы ушул инсандарды сыйлап, батасын алды.

Башкысы баарыбыз эле өлкөнүн келечегине жарап турсак болгону. Ал үчүн сөзсүз эле ажо болуш шарт эмес. Арина Тургунбековага окшоп эл аралык сыйлыктарга катышуу менен өлкөнүн атагын чыгарса болот. Учурдан пайдаланып карындашыбызга ийгилик каалап коелу. 

Эгерде Аринага окшоп өлкөнү сыртка чыгып тааныта албасак, келген конокторго уят кылбайлы. Ал үчүн туристтерди тосуудагы айрым эрежелерди окууга чакырам.

© © Sputnik / Медиабанкка өтүүАктриса, кыргыз театры менен киносунун чолпон жылдызы Таттыбүбү Турсунбаева
Кадр из фильма Красное яблоко - Sputnik Кыргызстан
Актриса, кыргыз театры менен киносунун чолпон жылдызы Таттыбүбү Турсунбаева

Эгерде бул дагы аз десеңиз, улуу актриса, кыргыз театры менен киносунун чолпон жылдызы, кылымда бир жаралчу талант Таттыбүбү Турсунбаева эжекебиз тууралуу кызыктуу фактылар бар. Эжекебиздин өрнөктүү өмүрү сизге үлгү болот деген үмүттөбүз. 

Бүгүн өлкө аймагында жаан жаайт.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.50 (сатып алуу) жана 69.60 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 38.00 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.20 сом, ал эми дизель майы 35.70 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Аалы Токомбаев атабыз айткандай, өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин.

Чың ден соолук каалап, замандашыңыз Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0