1999-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы көркөм өнөр университетинин хор дирижерлук жана режиссура факультетин аяктаган. 2013-жылы КР президентинин алдындагы Башкаруу академиясын бүтүргөн.
Эмгек жолун "Кыргызстан Обондору" радиосунан радио ди-джей болуп баштаган. Андан соң "Миң-КыялFM", "Түнкү Белес", Кыргыз радиосунун радиобирикмесинде үн режиссер болуп иштеген. "Санжыра" радиосун негиздеген.