Кыз узатып, дүркүрөтө той берген казакстандык киши жазаланды

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүү Үйлөнүү үлпөтү. Архив
 Үйлөнүү үлпөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул видеоролик соцтармакта бир нече күн мурда пайда болгон. Мыйзамга баш ийбеген адамды табуу оор болгон эмес. Анткени видеонун автору кадр сыртында той өткөн даректи так айтып берген.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Казакстандын Кызыл-Ордо облусунун полиция кызматкерлери өзгөчө абал учурунда бир нече кишини чогултуп, дүркүрөтө той өткөргөн адамды таап, кармашты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан кабарлады.

Кыз узатуу тоюнда тартылган видеоролик соцтармакта жана мессенджерлерде 27-март күнү пайда болгонун polisia.kz жазды.

Видеонун автору кадр сыртында өзгөчө абал режими учурунда массалык иш-чаранын баарына тыюу салынып жатса, Кызыл-Ордо облусунун Жаңы-Коргон районунун жашоочуларынын бири дүркүрөтө той бергенин айткан.

Бул маалыматты уккандан кийин полиция кызматкерлери ыкчам түрдө аны такташкан. Мыйзам бузган адамды табуу кыйынга турган эмес. Анткени видеонун автору той өткөн үйдүн дарегин так айткан.

"Текшерүүнүн жыйынтыгында Кызыл-Ордо районунун тургуну кыз узатуу тоюн өткөргөнү аныкталган. Ага карата Казакстандын административдик мыйзам бузуу кодексинин 476-беренесине («Өзгөчө абал режимин бузуу») ылайык, административдик протокол түзүлүп, чогултулган материалдар сотко жөнөтүлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Айдоочунун температурасын текшерип жаткан медицина кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Эки күндө COVID-19 аныкталган 23 киши вирусту кайдан жуктурганы айтылды
Өзгөчө абал режимин бузган адамдын соту онлайн түрүндө өткөн. Анын чечимине ылайык, той ээсине 26 миң 510 теңге (60 долларга чукул) айып салынган.

Мындай учур Казакстанда биринчи ирет катталып жаткан жок. Буга чейин өзгөчө абал режими учурунда үлпөт тоюн өткөргөн Тараз шаарынын 30 жаштагы тургуну беш суткага камалган.

Эске салсак, Казакстанда коронавирустан улам 16-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген.

Бишкекте дагы массалык иш-чараларга тыюу салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0