Кытай-казак чек арасындагы "Хоргос" базары жабылды

© Sputnik / Анатолий УстиненкоКазакстан менен Кытайдын чек арасында жайгашкан "Хоргос" базары. Архив
Казакстан менен Кытайдын чек арасында жайгашкан Хоргос базары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык ишкерлер дагы бул базарга көп катташат. Аларды Бишкектен бир же эки күнгө алып барып келүү кызматын көрсөткөн компаниялар бар. Кызматынын баасы 1500 сомдон 2500 сомго чейин.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Казакстан менен Кытайдын чек арасында жайгашкан "Хоргос" базары 15-февралга чейин ишин токтотту. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

"Кытайда чыккан коронавирустун алдын алуу максатында "Хоргос" убактылуу жабылды. Азыр ал жакта административдик борбор гана иштеп жатат. Ал эми кардарларды кабыл алуу токтотулду", — деп айтылат кабарда.

Мунун айынан шоп-турларды уюштурган ишканалардын жабыр тартып жатканы белгиленүүдө.

Эскерте кетсек, кыргызстандык ишкерлер дагы бул базарга көп катташат. Аларды Бишкектен бир же эки күнгө алып барып келүү кызматын көрсөткөн компаниялар бар. Кызматынын баасы 1500 сомдон 2500 сомго чейин.

"Хоргос" базары — Кытай менен Казакстандын чек арасында орун алган эркин соода аймагы. 528 гектарлык жерде алты соода борбору жана 2 миңдей бутик орун алган. Ага кирүү үчүн башка өлкөлөрдүн жарандарына виза алуунун зарылдыгы жок.

Коронавирус тууралуу

Медики осматривают пациента зараженного коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Коркпош керек! Коронавирустан толук айыккан алгачкы аялдын маеги
Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус 2019-nCoV экендигин аныктаган.

Соңку маалыматтар боюнча, оорудан 170 адам каза тапты.

Коронавирус Кытайдан тышкары Түштүк Корея, Камбоджа, БАЭ, Япония, АКШ, Таиланд, Канада, Вьетнам, Сингапур, Непал, Франция, Австралия, Малайзия, Германия жана Шри-Ланкага жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0