Учак кыйраганда кош бойлуу келинди денеси менен калкалап... Темирландын баяны

© Фото / департамент полиции АлматыАлматынын жанында болгон авиакырсыкта боюнда бар келинди өзүнүн денеси менен жаап сактап калган казакстандык Темирлан Кадауовго сыйлык тапшырылды
Алматынын жанында болгон авиакырсыкта боюнда бар келинди өзүнүн денеси менен жаап сактап калган казакстандык Темирлан Кадауовго сыйлык тапшырылды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Авиакырсыкта 12 адам көз жумуп, 49 киши жаракат алган. Казакстандык 23 жаштагы жигит кыйраган учактан башка жүргүнчүлөрдү да алып чыгууга жардам берген.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Алматынын жанында болгон авиакырсыкта боюнда бар келинди өзүнүн денеси менен жаап сактап калган казакстандык Темирлан Кадауовго сыйлык тапшырылды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.

Алматыдагы авиакырсык - Sputnik Кыргызстан
Алматыдагы авиакырсык: каргашанын үч себеби айтылды
"Төтенше жағдайлардың алдын алуда және жоюда үздік шыққаны үшін" (Өзгөчө кырдаалды алдын алууда, жоюуда өзгөчөлөнгөндүгү үчүн) медалын 23 жаштагы жигитке Алматы полициясынын башчысы, генерал-майор Серик Кудебаев тапшырды.

Кадауов 27-декабрдагы авиакырсык маалында эрдикке тете иш кылган. Ал учактын куйрук жагында отурган боюнда бар Гулим Акишеваны өзүнүн денеси менен жаап, андан соң аны эшикке аман-эсен алып чыккан.

© Фото / департамент полиции АлматыАлматынын жанында болгон авиакырсыкта боюнда бар келинди өзүнүн денеси менен жаап сактап калган казакстандык Темирлан Кадауовго сыйлык тапшырылды
Учак кыйраганда кош бойлуу келинди денеси менен калкалап...  Темирландын баяны - Sputnik Кыргызстан
Алматынын жанында болгон авиакырсыкта боюнда бар келинди өзүнүн денеси менен жаап сактап калган казакстандык Темирлан Кадауовго сыйлык тапшырылды

Мындан сырткары, Темирлан жаракат алганына карабай Тез жардам кызматы, куткаруучулар келгиче башка жүргүнчүлөрдү кыйраган учактан чыгарууга жардам берген.

"Жигит бул сыйлыкка татыктуу. Биринчи кезекте ага өзүнүн эли ыраазы", — деп полициядан белгилешти.

Алматы шаарынан учуп чыккан аба лайнери өткөн жылдын 27-декабрында эртең менен кырсыктап, эки кабат имаратка кулаган. Анын кесепетинен 12 адам көз жумуп, 49 киши жаракат алган. Казакстанда 28-декабрь аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Кыргызстандык хирург Сабыр Жумабеков авиакырсыктан жабыркагандарга операция жасоо үчүн Алматыга барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0