Өзбекстанга караңгылатылган айнек менен баргандар айыпка жыгылмай болду

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүСнятие тонировки с автомобилей в Москве
Снятие тонировки с автомобилей в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коңшу өлкөгө кирген чет элдик унаалар үчүн айып пулдун көлөмү бекитилди.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги жакынкы аралыкта аталган өлкөгө сапар алганы жаткан кыргызстандыктар үчүн билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, Өзбекстандын өкмөтүнүн "Айнеги караңгылатылган жеңил унаалар жөнүндөгү" токтомунун негизинде чет элдик унаалар үчүн айып пулдун көлөмү бекитилди.

"Өзбекстандын аймагына убактылуу же транзиттик негизде кирген жеңил унаалардын айнеги караңгылатылган болсо, айдоочуга 15 доллар айып салынат", — деп айтылат маалыматта.

Аталган сумма өлкөнүн борбордук банкындагы доллар баасына жараша улуттук валютада төлөнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0