Кытайдан жыл башынан бери 2,5 миң этникалык казак чыгып кетти

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКытай мамлекетинин желеги. Архив
Кытай мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул тапта күн чыгыш өлкөсүндө 1,5 миллион казак жашайт.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Жыл башынан бери Кытай жарандыгынан 2500 этникалык казак баш тартты. Бул тууралуу өлкө ТИМинин маалымат кызматынын жетекчиси Айбек Смадияровдун сөзүнө таянып Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Ошол эле учурда кош жарандуулукка шектелип 29 казак жараны кармалганы, бирок анын 15и бошотулганы айтылды. Калган 14ү дагы деле Кытайда кармалып турат.

Смадияровдун айтымында, учурда Кытай казактарды жарандыктан чыгаруунун жол-жоболорун жеңилдетти.

"Эки мамлекеттин тышкы иштер министрликтери сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин этникалык казактарга жеңилирээк болуп калды. Азыр деле Кытайдын аймагында жашаган казак жарандары боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатат", — деп айтылат макалада.

Маалыматка караганда, Кытайдан кетүүнү казак ЖОЖдорунан бекер билим алууга умтулган жаштар жана тарыхый мекенине кайтып келгиси келген улгайган адамдар каалап жатат.

Ушул тапта күн чыгыш өлкөсүндө 1,5 миллион казак жашайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0