00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
13:08
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Особый акцент
Как правильно оформить договор аренды — советы юриста
14:09
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Не просто юрист: почему лучший педагог СНГ ставит добро выше кодексов
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Исражидин Зарипов: «Адам баласынын жүрөгүнө көчөт отургузууга болгон сүйүүнү отургузушубуз керек»
17:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
Hitec и работа с местными властями - как в КР предвидят чрезвычайные ситуации
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
8 мин
Экономикалык панорама
Жогорку окуу жайлар эми илимди өндүрүшкө чыгара алабы? Жарлыктын келечеги
19:08
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как правильно оформить договор аренды — советы юриста
20:06
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Көчмөндөр оюну — ири мелдеш эмес! Казакстандын федерациясы улакчылары тууралуу

© Sputnik / Табылды КадырбековIII Всемирные игры кочевников. 4 день. Кок-бору. Казахстан против Красноярска
III Всемирные игры кочевников. 4 день. Кок-бору. Казахстан против Красноярска - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндарынын алкагында Казакстандын курама командасы көк бөрү оюнунда Өзбекстанга утулуп калган болчу. Бул жеңилишке Казакстандын тургундары терс көз карашын билдирип, социалдык тармакка сын жазып чыгышкан.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Казакстандын Улуттук спорт федерациясынын президенти, межилис депутаты Бекболат Тилеуханов казак оюнчулары Кыргызстанда өткөн Көчмөндөр оюндарына даярдыксыз барды деген айрым пикирлерге жооп кайтарды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымат агенттиги жазды. 

© Sputnik / Бекболат ТлеуханКазакстандын Улуттук спорт федерациясынын президенти, межилис депутаты Бекболот Тилеуханов
Президент казахстанской федерации национальных видов спорта Бекболат Тлеухан - Sputnik Кыргызстан
Казакстандын Улуттук спорт федерациясынын президенти, межилис депутаты Бекболот Тилеуханов

"Көкбөрүчүлөр Көчмөндөр оюндарына даярдыксыз барды деп айтканга болбойт. Окуу, машыгуулар өтүп жатат. Бизде жаштар жана чоңдор командалары болуп, жалпысынан 300 көкбөрүчү бар. Жаман ойногон жокпуз. Байгелүү орунга жетип, коло байгеге ээ болдук. Анан калса Көчмөндөр оюндарына чоңдор эмес, жаштар командасы кеткен. Көкбөрүчүлөрдүн утулуп калышынан трагедия жасоонун кажети жок. Өзбектер деген ким? Алар улуу спорт державасы экенин билип койгула. Алардын оюнчулары отузга таяп калгандар болчу. Биздики жаштар болду. Абдан татыктуу оюн көрсөтүштү", — деди Тилеуханов.

III Всемирные игры кочевников. 6 день. Великая борьба кочевников - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөрдүн улуу балбаны аныкталып, 1 млн. сом жана аргымак тартууланды
Ал ошондой эле жакында Индонезиянын Жакарта шаарында өткөн Азия оюндарында Казакстандын боксчулары менен дзюдочулары утулуп, бир да байге албаганын айтып, андан трагедия жасабай, көкбөрүдөн трагедия жасап жаткандарды түшүнбөй турганын кошумчалады.

Тилеуханов, андан сырткары, "бардык көк бөрүчүлөрдүн шагын сындырып, казактар шордуу, бечара экен деп кемсинткенге болбой турганын" белгиледи. Ошондой эле социалдык тармакта түрдүү пикирлерди жазып жаткандарга кайрылып, "Фейсбук — бул өзүнчө аалам, ар ким өзүнүн оюн айтып, эч кандай жоопкерчиликке тартылбайт" деди ал.

Казакстандын Улуттук спорт федерациясынын президенти андан сырткары Көчмөндөр оюндарына эмнеге жаштар командасы жиберилгенин айтып түшүндүрдү

"Бир четинен алганда бул Азия же Дүйнө чемпионаты эмес. Алардын жанында бул жөнөкөй гана фестиваль. Ошондуктан биз жаштар командасын жибердик. Алар дагы тажрыйба топтошу керек", — деди Тилеуханов.

III Всемирные игры кочевников. 2 день. Торжественная церемония открытия этногородка в урочище Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Олимпиадага теңата оюн. Чет элдик ЖМКлар Көчмөндөр оюндары тууралуу
Эске салсак, Көчмөндөр оюндарында Казакстандын көк бөрү боюнча курама командасы Өзбекстанга 4:5 эсебинде утулган. Бул окуяны социалдык тармакта казакстандык колдонуучулар катуу сынга алып, өмүрү көк бөрү тартып көрбөгөн командага утулуп калышы уят экенин жазып чыгышкан. Өз кезегинде Казакстандын Көкпар федерациясынын өкүлү утулуш боюнча өз пикирин Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берген болчу

Жаңылыктар түрмөгү
0