Казакстандын Көкпар федерациясы улакчылары эмнеге утулуп калганын түшүндүрдү

© Sputnik / Табылды КадырбековIII Всемирные игры кочевников. 4 день. Кок-бору. Казахстан против Красноярска
III Всемирные игры кочевников. 4 день. Кок-бору. Казахстан против Красноярска - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талас Бегалиев балдар бараткан маршрутканы токтотуп кирип келгени туура эмес кадам болду, аны ошол жердеги милиционерлерди чакырганыбызда алып кетти деп билдирген Оспанов

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Казакстандын командасы Көчмөндөр оюндарына экинчи курамдагы улакчыларын сыноо үчүн алып келгендиктен, жарым финалда Өзбекстанга утулуп калды. Бул туурасында Казакстандын Көкпар федерациясынын президенти Ерлен Оспанов Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди. 

© Sputnik / Эламан КарымшаковПрезидент федерации по кокпару Казахстана Ерлен Оспанов
Президент федерации по кокпару Казахстана Ерлен Оспанов - Sputnik Кыргызстан
Президент федерации по кокпару Казахстана Ерлен Оспанов

Ал экинчи курам экенине карабай өлкөсүнө коло медаль менен кайтууга үмүттөнүп турушканын айтат.

"Биринчиден, ушул оюнга катышып жакшы өнөрүн көрсөткөн жаш балбандарга чоң рахмат! Жаш команда чыйралсын деп чоң мелдешке чыгаруу спортто колдонулуп келген тажрыйба. Андыктан быйылкы жарышка жаштарды чыгарып мыктылыгын байкоону максат кылганбыз. Бул орундалды. Экинчиден, алар башка жарыштарга катышып жүрүп, толук кандуу даярдана албай калган", — деди Оспанов.

Ошондой эле ал командасы атайын жеңилип берди деген пикирлерди четке какты. Буга чейин Кыргызстандын командасын 2017-жылы Астанадагы көк бөрү чемпионатына жетектеп барган Талас Бегалиев "Өзбекстанга атайын утулуп берди" деп казак улакчыларына нааразы болгон.

Өзбек улакчылары финалга чыгыш үчүн кандай даярданганын айтышты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Өзбек улакчылары финалга чыгыш үчүн кандай даярданганын айтышты. Видео
"Кандай оюн болгонун өзүңөр көрдүңөр. Финалда Кыргызстан менен Казакстандын беттештерин бир эле мен эмес элдин баары күткөн. Атайын жеңилип берди деген туура эмес. Өзбекстан командасы катуу даярдык менен келиптир. Бул акыркы эмес, алдыда дагы көп мелдештер күтүп турат. Минген аттарыбыз боюнча маселе жок, дурустап беришти. Ал эми Талас Бегалиев балдар бараткан маршрутканы токтотуп кирип келгени туура эмес кадам болду. Аны ошол жердеги милиционерлерди чакырганыбызда алып кеткен", — деди федерация президенти.

Эске салсак, социалдык тармактарга Талас Бегалиевдин казакстандык көк бөрүчүлөр отурган маршруткага кирип келип, жеткиликтүү ойнобой койдуңар деп намыстарына тие, нааразы болуп жаткан видеосу тараган.

Ал эми Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматовдун пикиринде, кечээги мелдеш көк бөрүнүн деңгээли жогорулап баратканы айгинелегенин белгилейт.

"Кыргызстан менен Казакстандын ар дайым финалга чыгышынын себеби, ар бир улакчы жеке аты менен түшөт. Бул жерде аттарды өздөрү тандады. Нейтралдуу зонада чыныгы оюн көрсөтүп, Өзбекстан күчтүү экенин далилдеди. Эч ким титулду берип койгусу келбейт, бул жерде таза эле оюн болду. Мелдештен кийин өзүм барып Казакстандын командасы менен сүйлөштүм "спорт экен колдон келишинче аракет кылдык" дешти. Биз тарапка таарынычы жок", — деди Саматов.

Эскерте кетсек, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы финалдык оюндар бүгүн саат 18:00дө башталат. Ага чейин Казакстан менен Москва командасынын үчүнчү орун үчүн беттеши саат 16.00дө өтөт. Баш байге ээлери үч миллион сом менен сыйланат

Оюндарды Sputnik Кыргызстан агенттиги түз алып көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0