Кытай: ити үчүн өч алган аял тогуз автоунааны өрттөп жиберди

© AFP / FRED DUFOURСотрудники полиции Пекина
Сотрудники полиции Пекина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалынга чулганган темир тулпарлардын бардыгы ак түстө болгон.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Кытайдагы Чанчунь шаарынын тургуну итин автоунаа тебелеп кеткенден кийин тогуз машинанын өрттөп жиберген. Бул туурасында РИА Новости "Чжунго цзилинь ван" сайтына шилтеме кылып кабарлады.

Темир тулпарлар марттын акыркы түнүндө өрттөлгөн. Полиция кызматкерлери эки жардыргычты жанынан тапкандан кийин шектүү деп бир аялды кармады.

Ал полициянын жергиликтүү бөлүмүнөн эмне үчүн автоунааларды өрттөгөндүгүн айтып берген.

"Итимди өзүм жашаган аймакта ак машина өлтүрө тебелетип кеткен", — деген аял.

Маалымат берген сайт өрттөлгөн автоунаалардын бардыгы ак түстө экенин жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0