Бюджет менен калктын капчыгы бош, ал эми КР Улуттук банкынын маалыматында өлкөдөгү каражаттын көлөмү бардык рекордду кагарын укканда мындай көрүнүштү акылга сыйдырыш кыйын. Аталган жагдайдын себебин тактоо үчүн серепчилерге кайрылып, бул баанын өсүшүнө алып келер-келбесин сурап көрдүк.
Азыноолак терминдер
Айлантуудагы акча — калктын насыялык уюмдардын кассаларындагы каражат калдыктарын эске алгандагы каражаты.
Акча базасы — каржылык (аманат) уюмдардын сом түрүндөгү айлантуудагы акчасы жана резервдери.
Кеңири аныктамадагы акча базасы — айлантуудагы акча, ага кошумча, каржылык уюмдардын Улуттук банктагы бардык резервдери (чет элдик валюта жана сом) жана аманаттары.
Акча азбы же көппү?
Майдын башында акча көлөмү КР Улуттук банкынын негизги үч көрсөткүчү боюнча рекорд койгон. Улам жогорулап отуруп, июндун аягында дагы 13,2-16,7 миллиард сомго көбөйгөн (көрсөткүчкө жараша).
Кайрадан боор көтөрүп... РФтеги мигранттардын абалы жакшырдыбы
Ошону менен бирге эле пандемия импорттун бир топ бөлүгүн токтоткон, бардык ишканалар жана экономиканын бүт тармактары иштеген жок. Натыйжада быйыл казына 30 миллиард сомго кем толот, негизинен салык жана бажы төгүмдөрүнүн эсебинен. Ошол себептен Кыргызстан кырдаалды жөнгө салуу, анын ичинде маяна жана пенсияны берүү үчүн бюджетти колдоого да грант, насыя алууда. Калктын кирешеси да кыскарды, анткени көптөгөн тармактардын иши убактылуу токтоп же узак убакыт бою иштеген жок.
Эмнеге анда акча көп? Улуттук банктын түшүндүрмөсү
Өлкөнүн башкы банкы акча базасынын жана айлантуудагы акчанын өсүшүнүн негизги себеби катары "мамлекеттик каржы секторундагы чыгым операцияларынын көбөйүшүн" атайт.
"Бул операциялар маяна, жөлөк пул жана субсидия берүү, медициналык товар жана кызматтарды алуу зарылдыгынан, ошондой эле COVID-19дун таралышынын кесепеттерине байланышкан башка чыгымдар менен шартталган", — деп билдирет Улуттук банктан.
Каржы министрлигинин соңку маалыматына ылайык, мамлекеттик бюджеттин алгачкы беш айындагы чыгымдары 52,3 миллиард сомдон ашкан. Бул 2019-жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөн дээрлик 3,5 миллиардга көп. Мында кеп атайын каражаттарды эсепке албагандагы бюджеттик акча туурасында.
Көбөйүшүндө таң каларлык нерсе жок
Экономист Нургүл Акимованын пикиринде, республикада май айынан тарта акчанын көлөмү өскөнүнө таң калып деле болбойт.
Ал төмөнкү себептерин санады:
- карантиндик чектөөлөр майдын башында алына баштады, ага дейре рыноктук жана коомдук кызмат көрсөтүүлөр жана иштер, ошондой эле товарларды керектөө ооздукталып турган;
- мурда калк эс алууга сарптаган бардык каражатын керектөө, медициналык кызмат жана дары-дармекке жумшаган;
- бюджетке салык аз түшүп, бирок Кыргызстанга насыялык жана гранттык каражаттардын келиши токтогон жок;
- акча базасынын көлөмүнө кайрымдуулук таасир этет, себеби мурда топтолгон каражат деп каралган акча керектөөгө жумшалууда;
- мурун капиталдык курулуш жана ремонтко деп каралган бардык бюджеттик каражаттарды зарыл товар жана кызматтарды сатып алууга багыттай башташты.
ЕЭК Кыргызстан, Казакстан жана ЕАЭБ ортосундагы көйгөйдү кантип чечет?
Акимова белгилегендей, акыркы айларда жүк ташуу жана эл аралык соода акырындап калыптана баштаган. Кыргызстандыктар негизинен импорттук товарларды керектейт, андыктан алар канчалык көп сатып алган сайын каржы тутумундагы каражат айлануу ошончолук көп болууга тийиш.
"Бирок акча айлантуу бөлүгүндөгү тең салмактоочу учур эмгек мигранттарынын которгон акчаларынын кыскарышы болуп саналат. Башкача айтканда, эгер андай кыскаруу болбогондо, Улуттук банктын бардык үч көрсөткүчүнүн тең өсүшү көп болмок", — деп түшүндүрөт экономист.
Инфляция коркунучу барбы?
Акимованын айтымында, эгер жагдай өзгөрбөсө, дүрбөлөң токтобосо, инфляция 11-15 пайызга жетиши ыктымал. Эң оболу бул азык-түлүк жана медикаменттердин баасына чагылат.
"Менимче, инфляция товарлардын көптүгүнөн эмес, акча массасынын эсебинен, тагыраак, монетардык болот. Анткени акчанын баары (жеке жана мамлекеттик) керектөөгө кетүүдө. Мурда каржы балансталып бөлүнчү: бир бөлүгү топтолгон каражат катары калып, башка бир бөлүгү курулуш жана ремонтко, үчүнчү бөлүгү керектелген. Ал эми азыр баланс жок", — дейт серепчи.
Инфляцияга капиталдык курулуш же топтолгон каражатты толуктоого багытталган акча таасир этпей турганын баса белгилейт, себеби алар "тоңдурулуп, капиталга кошумчаланган".
Кыргызстан чет жактан канча акча алып, канчасын коротту. Кыскача түшүндүрмө
"Керектөө акча айлантууну жандантат. Башкача айтканда, сиз көп товарды сатып алсаңыз, дүкөндүн кожоюнун товарды көп алууга түртөсүз. Инфляция – акча айлантуунун ылдамдыгынын өлчөгүчү", — деп түшүндүрөт Акимова.
Банктар тобокелдик жана потенциалдык жоготуулардын өсүшүнүн эсебинен, балким насыялар боюнча ченемдерди көбөйтүшү мүмкүн, бирок алар ансыз деле эң жогору. Ошондуктан КР Улуттук банкы инфляциялык көрүнүштөрдүн алдын алуучу чараларды көрүүгө тийиш.
Бирок Финансы министрлигинин коомдук кеңешинин башчысы Бактыбек Сатыбеков таптакыр башка ойдо.
"Адамдар карантин маалында бардык ресурстарын сарпташты, ал эми азыр психологиялык жактан чыгымдарын ооздуктап, эң зарыл гана нерселерди сатып алышууда. Көңүл ачууга чыгымдоого мүмкүнчүлүк жок, антпесе деле көп жайлар жабык. Соода борборлору бош, ал жакта сатуучулар гана отурат. Баанын өсүшүнө (инфляцияга) өбөлгө жок", — деп билдирет Бактыбеков.
Башка бир себеби катары ал сезондук факторду атайт.
"Жайкысын азык-түлүк тобунун баасы төмөндөйт, базарга жаңы түшүмдөн мөмө-жемиш жана жашылча келип түшөт. Бул багытта баанын өсүшү күтүлбөйт, тескерисинче ылдыйлайт. Жогорку инфляциялык көрүнүштөр болорун ойлобойм", — деп баса белгилейт адис.
Улуттук банк кандай инфляцияны болжоодо?
КР УБ билдиргендей, ушул тапта мамлекеттик каржы тармагынын чыгым операцияларын көбөйтүү инфляциялык басымдын себептеринин бири болуп саналат. Анын таасири дароо эмес кийинчерээк байкалат (убактылуу чеги — бир жылдай убакыт).
Беш айда Кыргызстандан чет жакка 163,7 млн. доллар которулду
Өлкөнүн башкы банкындагылар жалпысынан Улуттук банк жыл аягында инфляциянын орточо мааниси акча-насыялык саясаттын максаттуу багыттарынын орто мөөнөттүк алкагында 5-7 пайыздын чегинде болорун боолголой турганын айтышты .