Жаман айтпай, жакшы жок. Коронавирус жайылып кетсе Кыргызстан канчага чыдайт

© AP Photo / Vincent YuСупермаркетте товар тизип жаткан кызматкер. Архив
Супермаркетте товар тизип жаткан кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаал жаңы вирустун алдын алуу үчүн бардык чараларды көрүүгө тийиштигин айгинелейт. Өлкөнүн азык-түлүк запасы көңүл чордонундагы маселеге айланды.

Кыргызстанда азык-түлүк камы жетиштүү. Ал жаралчу суроо-талапты жабууга жетет. Жарандардын бул боюнча тынчсыздануусуна негиз жоктугун жакында эле вице-премьер Эркин Асрандиев өкмөттүн жыйынында билдирген.

Өкмөттүн мүчөсү Кыргызстан бөлөк өлкөлөрдөн, анын ичинде Кытайдан импорттун келишине чектөө киргизбегенин эске салды. Министрлер кабинети жүк ташууга гана көзөмөлдү күчөткөн.

Өкмөт ынандырганына карабастан, Бишкектин айрым тургундары азыгын камдоого киришти, бирок жапырт мүнөзгө өтө элек.

Түштүк Корея жокерлер коопсуздук кийимчен дезинфекция кылып жаткан убакытта. Сеул, 04 март 2020 жыл - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус пандемия кооптуулугун жарата баштады. Дүйнөлүк уюм үн катты
"Жаман айтпай, жакшы жок" демекчи, мындай көрүнүштөн улам Sputnik жагдайды башка өңүттөн карап көрүүнү чечти: кокус ошондой жагдай жаралса, изоляцияда калган Кыргызстанга дары-дармек, күйүүчү май жана азык-түлүк канчага жетет?

Ушул тапта Кыргызстан коронавирус жайылган Кытай, Иран, Япония, Түштүк Корея жана Италиянын жарандарынын киришин чектеди. Бул өлкөлөр сымал биздин республика да жаңы вирустан толук корголгон эмес.

Кыргызстандан сырткары Италия, Түштүк Корея жана Ирак аэропортторунда бардык каттамдарын токтотконун Түркия да жарыялаган. Ал эми Роспотребнадзор бул өлкөлөрдөн каттамдарды кабыл алган аэропорттордо көзөмөлдү күчөтүүгө токтом чыгарган. Иран менен аба каттамдарын Казакстан жана Швеция толук токтотту. Тажикстан да алардын катарында, бирок коңшу өлкөнүн тыюу салуу тизмеси узун, анда 35 өлкө камтылган.

Күтүүсүз кырдаалга Саламаттык сактоо министрлиги дайынбы?

Кыргызстанга эпидемиологиялык кырдаал курчуган өлкөлөрдөн келгендер эки аптага карантинге алынууда. Саламаттык сактоо министрлиги кыска мөөнөттүү иш планына өзгөртүүлөрдү киргизди. Мекеменин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш планын жаңыртууга Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму көмөктөшүп жатат.

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстанга эпидемиологиялык кырдаал курчуган өлкөлөрдөн келгендер эки аптага карантинге алынууда
Жаман айтпай, жакшы жок. Коронавирус жайылып кетсе Кыргызстан канчага чыдайт - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга эпидемиологиялык кырдаал курчуган өлкөлөрдөн келгендер эки аптага карантинге алынууда

COVID-19 коронавирусун алдын алуу жана ооздуктоо үчүн министрлик планды үч өңүттөн карайт: биринчиси — сырттан кириши, экинчиси — чектелүү санда жергиликтүү учурлар, үчүнчүсү — массалык түрдө жайылышы. Азыркы тапта медиктер үчүнчү сценарийдин алдын алуу үчүн аракеттерди көрүүдө.

"Дары-дармектердин запасы бизде жетиштүү. Бейтаптарды дарылоо үчүн тийиштүү көлөмдөгү дары-дармек жана жатак орундар бар. Толук камсыздалган, бул үчүн бюджет караштырып жатабыз. Күн жылыганда канча учур болушу мүмкүн экенин эсептеп жатабыз. План июнга чейин түзүлгөн", — деп билдиришти мекемеден.

Министрликтен жагдайдын ар кыл нугуна даярданып жатканын, коомчулук да муну туура түшүнүүгө тийиш экенин белгилешти.

Эпидемия каптаса толук бөгөт коюлабы?

2017 жана 2019-жылдары Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда жүк өткөрүү боюнча көйгөй жаралган. Бирок бул экспорт жана реэкспорттун маселеси эле. Коңшу өлкөдөн товарлар эч тоскоолсуз келип турган. 2010-жылы Казакстан жана Өзбекстан чек араларын жапкан, бирок алар өлкөдөгү саясий туруксуздукка жана бийликтин алмашканына байланыштуу эле.

© Фото / © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевКоронавирустун күч алышынан кийин Кыргызстан жана коңшу өлкөлөр тарабынан аталган мамлекеттен жүк ташууга тыюу салынган эмес
Жаман айтпай, жакшы жок. Коронавирус жайылып кетсе Кыргызстан канчага чыдайт - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустун күч алышынан кийин Кыргызстан жана коңшу өлкөлөр тарабынан аталган мамлекеттен жүк ташууга тыюу салынган эмес

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин үчүнчү сценарийи боюнча — вирус жапырт жайылган учурда чек аралардын таптакыр жабылып, толук бөгөт коюлушун күтүүнүн кереги жок. Экономика министрлигинин Соода саясаты башкармалыгынын жетекчиси Бүбүсара Токтоналиева Кытай менен болгон учурдагы жагдайды мисалга келтирет. Коронавирустун күч алышынан кийин Кыргызстан жана коңшу өлкөлөр тарабынан аталган мамлекеттен жүк ташууга тыюу салынган эмес.

"Бизди толук обочолонтот деп ойлобойм. Кырдаалдын өзү деле муну талап кылбайт. Медициналык кызматкерлер айткандай, вирус ачык абада 75 сааттан ашык жашай албайт. Бул убакыт жүктөрдү карантинге алуу үчүн жетет. Толук бөгөт болбойт. Көрүлгөн чаралар коронавирустун киришине жол бербегидей гана, бирок сооданы негизсиз чектегендей катаал болбошу зарыл", — дейт Токтоналиева.

Кыймылга чектөө дал адамдарга карата гана киргизилгенин түшүндүрдү ал. Ал эми чек арадан өткөн унаанын айдоочусу карантинге алынып, нөөмөтүн башкага өткөрүп берет. Ал 75 сааттык жүккө болгон карантинден кийин товарды алып кете алат.

Кандын анализин алуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Япониядагы лайнер: Бишкекке келген кыргызстандык жигиттин анализи чыкты
Токтоналиева кырдаалдын талабына жараша жана соодага жолтоо болбогудай деңгээлде гана карантиндик чараларды көрүү боюнча Дүйнөлүк соода уюмунун өтүнүчүн эске салды. Анын айтымында, соода агымынын кыскарышы — бул Кытай өкмөтүнүн чечими. Алар өлкө ичинде жүккө көзөмөл боюнча катаал чараларды көрүштү, бул жүк ташуунун азайышына себеп болду. Анткени мындай процесске адам ресурсу да тартылат, ал эми темир жол боюнча жүк ташуу кадимки калыбында.

"Тек гана текшерүү, көзөмөл жана санитардык иш-чаралар катаалдаштырылган. Медициналык кызматкерлер ачык абадагы товарларда жана өстүрүлгөн азыктарда бул вирустар 50 сааттан 75 саатка дейре гана жашай алат. Кытайдан ташып келинген товарларды 75 саатка чейин карантинде кармоо чарасы да ошол себептен кабыл алынган", — деп түшүндүрөт Токтоналиева.

Канча азык-түлүгүбүз бар?

Эгер Кыргызстан жапырт эпидемияга кабылса, анда өкмөт калктын күйүүчү май жана азык-түлүк маселесин чечүүгө тийиш. Мамлекеттик материалдык резерв фондунун эсеп жана мамлекеттик резервди көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси Таалайбек Давлеталиев азык-түлүк боюнча норма 103 пайызга аткарылганын белгилейт. Бирок азык-түлүктүн тизмеси документтердин купуялуулугунан улам ачык жарыяланбайт.

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик материалдык резерв фондунун эсеп жана мамлекеттик резервди көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси Таалайбек Давлеталиев азык-түлүк боюнча норма 103 пайызга аткарылганын белгилейт
Жаман айтпай, жакшы жок. Коронавирус жайылып кетсе Кыргызстан канчага чыдайт - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик материалдык резерв фондунун эсеп жана мамлекеттик резервди көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси Таалайбек Давлеталиев азык-түлүк боюнча норма 103 пайызга аткарылганын белгилейт
"Калктын социалдык жактан аяр катмарын колдоого минималдык эсеп жүргүзүлөт. Адатта аталган мекеменин кору табигый кырсыктардын кесепетин жоюуга багытталат. Эгер бир эле өндүрүм жетишсиз боло турган болсо, Мамлекеттик материалдык резерв фонду бааны ооздуктоо үчүн интервенция жүргүзөт", — деп түшүндүрдү аткаминер.

Давлеталиевдин айтымында, Мамлекеттик матрезерв фонду калктын бүт катмарын азык-түлүк менен камсыз кыла албайт. Буга каражат да, тез бузулчу азык-түлүктүн чоң көлөмүн сактай турган тийиштүү сандагы муздатуучу жабдык да жетишсиз. Запасыбыз рынокко башында гана таасир этүүгө жетет.

Президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер Эркин Асрандиев, президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков коронавирустан улам өлкөдөгү экономикалык кырдаалдан кабар алды
Кыргызстандагы ун чыгарган жеке ишканалардын да кору көп эмес, запас 1-2 айга гана жетет. КР Ун чыгаруучу ишканалар комитетинин төрагасы Рустам Жунушовдун айтымында, буудай менен ундун камын узакка жетерлик даярдоого чоң суммадагы каражат зарыл. Элдин көбү өндүрүмдү сатууда түйшөлөт, узак мөөнөткө буудай жана унду сатып алуу кирешесиз, акча айланбай калат.

"Сатып алуулардын чоң көлөмүн тарата аларыбызга эч кандай кепилдик жок. Бул рыноктогу эсептелбеген көлөмгө дагы байланыштуу... Обочолоно баштасак, бизде ун 30 күндөн 60 күндүк мөөнөткө дейре жетет", — деп түшүндүрөт ун чыгаруучу.

Эпидемия — транспорт жана өндүрүш үчүн тоскоолбу?

Кыргызстандагы жүк ташуулардын дээрлик бардыгы автомобилдик жолдор аркылуу ишке ашырылат. Чек аралар жабылган учурда республика өз запастарына гана таянууга аргасыз. КР Мунай сатуучулар биримдигинин аткаруучу директору Канатбек Эшаповдун айтканына караганда, республиканын кору анчалык көп эмес. Мыйзам боюнча, мунай сатуучуларда күйүүчү майдын кору эки айга жетерлик болушу шарт, алгач бул көлөм толук жетет.

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүКыргызстанда күйүүчү май сактоо үчүн чоң резервуарлар жок. Оозуна чейин жык толтурулса да биздеги май сактагычтар республиканы туура эки ай гана камсыздай алат.
Жаман айтпай, жакшы жок. Коронавирус жайылып кетсе Кыргызстан канчага чыдайт - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда күйүүчү май сактоо үчүн чоң резервуарлар жок. Оозуна чейин жык толтурулса да биздеги май сактагычтар республиканы туура эки ай гана камсыздай алат.

"Мунай сатуучулар көп өлчөмдө сатып алышпайт, анткени россиялык заводдордон өткөрүлчү баа ай сайын алмаштырылат. Эгер алар бир нече айга алдын ала сатып алса жана баалар түшүп кетсе, анда ташып келүүчүлөр зыян тартышы ыктымал", — дейт Эшапов.

Ал Кыргызстанда күйүүчү май сактоо үчүн чоң резервуарлардын жоктугун белгиледи. Оозуна чейин жык толтурулса да биздеги май сактагычтар республиканы туура эки ай гана камсыздай алат.

Эң начар сценарийде алып карасак, мүмкүн болгон товар өндүрүүчүлөр залал тартышы ыктымал. Камсыздоочулар, өндүрүүчүлөр жана дистрибьютерлер ассоциациясынын президенти Гүлнара Ускенбаева коомчулуктун мүчөлөрү Кыргызстанга Кытайдан ар кандай жабдыктарды ташыганын тактады.

"Обочолонуудан айрым өндүрүшчүлөр жабыр тартышы мүмкүн. Мисалы, биз кандайдыр бир таңгакты алып келебиз, аларды сырттан ташыбасак, өндүрүш токтоп калат. Ошону менен бирге эле биздин союз азык-түлүктүн өзүн эмес, ага камтылчу нерселерди ташып келишет", — дейт Ускенбаева.

Өкмөт кантип камынууда?

Министрлер кабинети антикризистик планды иштеп чыгууну баштады. Эпидемиологиялык кырдаалдын бизнес чөйрөсүнө тийгизген таасирин жана эң зарыл азык-түлүк менен камсыздалышы боюнча терең талдоо жүргүзүлөт.

© Sputnik / Табылды КадырбековМинистрлер кабинети антикризистик планды иштеп чыгууну баштады
Жаман айтпай, жакшы жок. Коронавирус жайылып кетсе Кыргызстан канчага чыдайт - Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинети антикризистик планды иштеп чыгууну баштады
"Айрымдар кырдаалдан пайдаланып, пайда көрүү үчүн тигил же бул азык-түлүктүн, башка товарлардын баасын ашкере жогорулатууга жанталашышы ыктымал. Буга жол бербөө зарыл. Айыл чарба өндүрүмдөрүн чыгарууга болгон көзөмөлдү да күчөтүү зарыл, себеби азык-түлүктүн кайсы бир түрүнүн таңсыктыгына жол бербеш керек", — деп белгилейт министрлер кабинетинин башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев.

Таңсыктыкка каршы күрөш жана баанын көтөрүлүшүн ооздуктоодон тышкары, киреше төмөндөгөн шартта кошумча план иштеп чыгуу мамлекеттик органдарга тапшырылган.

КР дарыгерлери коронавирусту кантип аныктайт? Лабораториядагы видео - Sputnik Кыргызстан
КР дарыгерлери коронавирусту кантип аныктайт? Лабораториядагы видео
"Биз керектүү товарлардын жетишсиздигине жана алардын наркынын негизсиз жогорулашына жеткирбөө үчүн бардык күч-аракетибизди жумшообуз зарыл. Экинчи блок — бул бюджетти коргоо. Коронавирус инфекциясынан улам аргасыз иш-чараларга байланыштуу кирешенин мүмкүн болуп турган төмөндөөсүн жабуу үчүн иш-аракеттердин бардык алгоритмин караштырышыбыз керек", — деди Абылгазиев.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жарандары эпидемиологиялык жагдайы начар өлкөлөрдөн келип жатышат. Бирок коронавирус катталган эмес, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу. Саламаттык сактоо министрлиги Россия жана Түркия тарабынан медициналык мекемелерге 3,6 миң тест-система жана 536 миң бет кап берилгенин эске салды.

Жаңылыктар түрмөгү
0