Бишкектен канча сомго үйлүү боло аласыз? Шарты, төлөө мөөнөтү жана дареги

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКурулуш иштери. Архив
Курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Кыргызстанда, анын ичинен Бишкек шаарында курулуш компаниялары улам арбып, алар сунуштаган батирлер да миңдеп саналат. Наркы, бериле турган шарты ар кыл.

Жылдап каражат топтогон адам жаңы батирди кандай баада ала алат, акчасын канча мөөнөткө узартып төлөөгө болот, үйлүү болгондон кийин дароо эле кире алабы?

Авторынок РИОМ - Sputnik Кыргызстан
Бажы төлөмдөрү кымбаттаганы авторыноктогу абал кандай? Баага жоромол жана сереп
Sputnik Кыргызстан бул суроолорго жооп издеп, бюджетке эң көп салык төлөгөн компанияларга чалып, маалымат топтоду. Натыйжада Кыргызстандын, анын ичинде Бишкек шаарындагы кыймылсыз мүлк рыногунда жаңы батирлердин бир чарчы метринин баасы 420 доллардан 1200 долларга чейин экендиги анык болду. Үйлүү болом деген кишинин компаниялардан эң көп дегенде төлөө убагын төрт жылга узартып алууга мүмкүнчүлүгү бар экен.

Төмөндө курулуш компаниялардын тизмеси, алар курган үйлөрдүн класстары (түрлөрү), баалары, узартып төлөө мөөнөтү жана кожоюндар даяр үйгө кирери же ичин өзү жашаганга ылайыктап жасап алары такталып көрсөтүлгөн.

Толук маалымат алуу үчүн компаниянын аталышын басыңыз

Жаңылыктар түрмөгү
0