Миллиондогон сомдор! Маршруткаларды өкмөткө өткөрсөк канча акча түшмөк?

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота общественного транспорта в Бишкеке
Работа общественного транспорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер сизге өлкөнүн кайсы бир аймагын өнүктүр деп 163,2 миллион сом берсе эмне кылмаксыз? Ооба, "мага мындай акчаны ким бермек эле?" деп таң калсаңыз керек. Анда маршрутка бизнесине байланышкан иликтөөнү окуп чыгыңыз.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Маршрутка бизнесинин башында ким турат? Компаниялардын тизмеси
Апрель айынын башында  бийликке бир нече талаптарды коюп Бишкектеги маршруттук такси айдоочулары жапырт иш таштаган. Анын айынан эл бара турчу жерине жете албай, шаарда башаламандык жаралган. Буга эч ким чара көрө алган эмес. Анткени маршруттук такси айдоочулары жеке компанияда иштечү. Жөө калган эл ызаланып автобус, троллейбустарды көбөйтүү же болбосо маршруткаларды менчик ишканалар эмес, мамлекет өзү тескесе мындай чаржайыт болмок эмес деген нааразылыктарын айтышкан.

Мындан улам, Sputnik Кыргызстан агенттиги эгер мамлекет азыркы маршруттук таксилердин баарын өзүнүн карамагына алса, бюджеттин канча бөлүгүн толтуруп, ким кандай пайда алып келет деген маселени иликтеди.

Мурда маршруттук компанияда бригадир болуп иштеген Кыялбек Дүйшөналиевдин пикиринде, эл ташыган кичи автобустарды мамлекет өз колуна алса айдоочуга да, мамлекетке да пайда болмок.

"Азыр жөнөкөй айдоочулардын эсебинен жеке ишкерлер үйүнөн чыкпай отуруп акча таап жатат. Мен бригадир болуп сегиз жылдай иштедим. Жакшы киреше түшпөй жаткан каттамды жандандырып, маршрутканын санын 30га жеткиргем. Бир күнү директор чакырып каттамга киргени үчүн айдоочулардан акча алууну сунуштады. Макул болбой койсом, мени жумуштан кетирип, башкасын алды. Анан алиги кожоюн ар биринен 300 доллардан өндүрүп турду", — деди Дүйшөналиев.

Ошондой эле ал бир фирма жаңы каттам ачам десе, Шаардык транспорт башкармалыгына жолдун схемасын чийдирүү үчүн бир топ акча бере турганын айтат.

Затор в центре Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Маршруткачыларды дүрбөткөн полис деген эмне? Камсыздандыруунун жол-жобосу
"Кээ бир каттамдын айдоочулары патенттин акчасын да өзүнүн фирмасына төлөйт. Ал фирма ошол сумманын ичинен мамлекетке канча төлөй турганы белгисиз. Эгер муну өкмөт өз колуна алганда, бир ишкерди гана байытпай ошол акчалар казынага түшмөк. Айдоочулар да ар кимдин көзүн карабай эле, бир топ жеңилдиктер да  болмок. Атайын автобаза түзүп койсо, ар кайсы жакка барып көп акча коротуунун ордуна унаасын бир жерден арзан жана сапаттуу оңдотуп калышмак", — деди ал.

Маршруттук таксилерди мамлекеттин карамагына өткөрүү сунушун айдоочу Ренат Раимбеков да колдойт.

"Бизди мамлекетке баш ийдирип койсо "жан" деп эле макул болмокпуз. Анда жол инспекторлору да жосунсуз текшерүүнү токтотмок деген ойдомун. Бир айдоочу айына фирмага, патентке, социалдык фондуга жана башка майда-чүйдөсү деп 6000 сомдон ашык төлөйбүз. Мындан сырткары, жыл сайын төлөнчү камсыздандыруу, лицензия алуу дегендери бар. Унааң бузулса, ага кетет", — деди Раимбеков. 

© Sputnik / Мирбек СакеновМаршруттук компаниялар былтыр 11 млн. 504,8 миң сом салык төккөн. Ал эми айдоочулар 60 млн. 299,5 миң сомго патент алышкан.
Работа маршрутного такси в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Маршруттук компаниялар былтыр 11 млн. 504,8 миң сом салык төккөн. Ал эми айдоочулар 60 млн. 299,5 миң сомго патент алышкан.

Бир айдоочу кимге канча акча төлөйт?

Забастовка водителей маршруток в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Маршруткага күнүбүз түшпөсүн десек... Бишкекке канча автобус керек
Мэриянын маалыматы боюнча борбор калаада 41 фирманын жетекчилиги астында иштеген 4000 маршрутка бар. Анын ичинен күнүнө 2700 бус 122 каттам менен эл ташыйт. Ал эми мамлекет 287 троллейбус, автобуска ээлик кылат. Салык кызматынын каттоосунда 39 фирма бар, былтыр 3400 айдоочу патент алган.

Алгач маршруттук таксинин бир айдоочусунун айлык жана жылдык чыгымдарын эсептеп көрдүк. Айдоочулар тынымсыз эмгектенип турушу үчүн өзү иштеген фирмага, патентке, унаанын орундуктарын камсыздандырууга, лицензия алууга, Шаардык транспорт башкармалыгынын диспетчерине, наркологго, механикке жана фирманын диспетчерине акча төлөп турат.

Мындан сырткары, Соцфондго айына 600, унаасын камсыздандырууга 750 сомдун тегерегинде төлөшү керек. Бирок бул кызматтарга акчасын короткусу келбегендер көп (алар туурасында башка кеп). Ал эми айдоочунун бир күндүк кирешеси орто эсеп менен 1500 сомду түзөт. 

Маршруттук таксилер мамлекеттик казынага канча каражат төлөйт?

Салык кызматынын маалыматына ылайык, өткөн жылы Бишкектеги маршруттук таксилердин 3400 айдоочусу 1500 сомдон патент алып, бир жылда 60 миллион 299,5 миң сом салык төлөгөн. Ал эми маршруттук таксилерди тескеген 39 компаниядан 11 миллион 504,8 миң сом салык түшөт. Аталган компаниялардын арты бир, алды 16 каттамга чейин иштетет.

Баарын кошкондо 2017-жылы маршруттук таксилердин эсебинен өлкөнүн казынасына 118 миллион 891 миң сом түшкөн.

Белгилей кетсек, эгер патенттин баасы 1500 сом болсо, ага 3400 айдоочуну көбөйтсөк 61 миллион 216,5 миң сом болорун айтышыңыз мүмкүн. Муну Салык кызматы төмөндөгүдөй түшүндүрдү:

Айдоочулардын басымдуу бөлүгү жеке ишкер болуп патент алса, айрымдары компанияга жумушчу катары орношуп айлыкка иштейт. Айлык алып иштегендердин киреше салыгын компания төлөп турат. Анан да айдоочу 6-9 айдыкын бир төлөп патент алган учурда 5-10 пайыз арзандатуу болот экен.

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкекте маршруттук таксинин айдоочулары бир жылда мамлекетке 118 млн. 891 миң сом, жеке компанияларга 163,2 млн. сом төлөйт
Проблема затора в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте маршруттук таксинин айдоочулары бир жылда мамлекетке 118 млн. 891 миң сом, жеке компанияларга 163,2 млн. сом төлөйт

Айдоочулар жеке компанияга канча каражат төгөт?

Айдоочулардын айтымында, аларды каттамга чыгарып жумуш берип турганы үчүн жеке фирмага айына ар бири орточо эсеп менен 2500 сомдон төлөп турат. Муну 3400 айдоочу менен эсептегенде жылына 102 миллион сомду түзөт. Ал эми эки четинде каттамды иретке келтирип, кезеги менен жөнөтүп турган диспетчерге күнүнө 50 сомдон беришет. Бул аз көрүнгөнү менен эсептей келгенде жылына 61,2 миллион сомго жетет.

Мындан сырткары, унааң болсо эле каттамга оңой кирип кете албайсың. Майлуу-сүттүүлүгүнө жараша фирманын жетекчилиги 1000-2000 долларга чейин сурайт.

Мамлекет маршруткаларды өзүнүн кармагына өткөрүү менен кандай пайда көрөт?

Забастовка водителей маршруток в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Каршылык акциясы үчүн маршрутка айдоочулары канча акчадан кур калды
Учурда жалпы маршруттук таксилердин эсебинен өлкөнүн казынасына бир жылда 118 миллион 891 миң сом түшүп жатат. Деген менен жеке компаниялар айдоочулардан 163,2 миллион сом пайда көрүүдө. Демек, эл ташыган кичи автобустар мамлекетке өтсө бюджет дагы ушунча каражатка толукталмак.

Эгер сизге өлкөнүн кайсы бир аймагын өнүктүр деп ушул 163,2 миллион сомду берсе эмне кылмаксыз?

Жаңылыктар түрмөгү
0