Жазда "жанданган" саясат. Саресеп салган серепчилер

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг сторонников Садыра Жапарова у здания ГКНБ в Бишкеке
Митинг сторонников Садыра Жапарова у здания ГКНБ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жыл ичинде бир катар ызы-чуулуу камоолор болду. Анын арты менен митингдер өтүп, милициянын күчү менен таратылган учурлар дагы арбыды. Жаз ичи дагы кандай окуяларга күбө болобуз, каршылыктардын себеби эмнеде экенин Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Кыргызстандагы жаз эң "ысык" мезгил болуп эсептелет. Себеби бул учурда саясий абал курчуп кетет. Так ушул жаз айларында өлкөнүн мурдагы президенттери тактыдан кол жуушкан. Аскар Акаев 2005-жылдын мартында кетсе, Курманбек Бакиев 2010-жылдын апрель айында экс-ажого айланган.

Быйыл жаз айынын кечигип келиши митингдерге тоскоол боло алган жок. Каршылык акциялары январь айында "Ата Мекен" фракциясынын мүчөлөрү суракка алынып, камалганда эле башталган.

Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президент өнүгүү программасы эмнеге 2040-жылга чейин түзүлүп жатканын айтты
31-январда экс-башкы прокурор, Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын учурдагы депутаты Аида Салянова суракка чакырылган. Анын тарапташтары Улуттук коопсуздук комитетинин имаратынын алдына митингге чыгышты.

Андан кийин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди боштондукка чыгаруу талабы менен митингге чыккандар болду.

Акыры "Ата Мекендин" лидери эки айга камакка алынды. Саясатчы коррупция жана алдамчылык беренелери боюнча айыпталып жатат.

Анткен менен ал каршылык акциялары Садыр Жапаровдун тарапташтары уюштурган митингдерге салыштырмалуу тынч өткөн. Жапаров 25-мартта "Ак-Жол" өткөрүү пунктунан кармалган. Ал Ысык-Көл облусунун мурдагы жетекчиси Эмилбек Каптагаевди барымтага алууга айыпталып жатат. 

Жапаров кармалгандан кийин анын 500гө жакын тарапташы митингге чыкты. Алар милиция кызматкерлери тарабынан таркатылган.

Жаздын соңуна чейин бизди жымжырттык күтүп жатабы же азыркы абал бороон алдындагы даярдыкпы? Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги абалга баам салып көрдү.

Нааразы болуп, наалып чыгуунун жөнү жок

Саясат таануучу Наргиза Мураталиева ар бир эле өлкөдө наалый бергендер четтен чыгат деген пикирде. Анткен менен учурда Кыргызстанда өлкөнү кучагына алган массалык нааразылыктардын активдүү аракетке көчкөн жагдайы жарала элек.

"Ал үчүн элди безге сая тургандай, калкка каршы болгон мыйзам, документтер кабыл алынып кетип, анан жаралды деген себеп боло элек. Же болбосо эл артынан ээрчиген, эл медер тута турган лидер чыгышы керек эле", — деди Мураталиева.

Анын айтымында, Кыргызстандагы жазды коштой жаралган ар кайсы топтордун ортосундагы бийлик талаш, компроматтар согушу көндүм болуп калды.

В перерыве пленарного заседания Госдумы РФ - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абад шаардык кеңеши тарады. Себеби, кесепети, кийинки кадам
"Андыктан бул маалдагы нааразылыктарды мен көбүртүп-жабыртып жибергенден алыс болор элем. Ал эми мындай учурда мамлекет эмне кылат деген суроо өзүнчө маселе. Эгерде саясий топторго, элдин бир катар катмарына көкшүнүн суутуп алганга мүмкүнчүлүк бербесе, нааразылык күчөшү мүмкүн. Демек бул жерде өлкөдө тартипти сактоо менен демократиялык баалуулуктарды сактоонун ортосунда тең салмактуулукту кармап туруу зарыл. Бул процесстер мыйзам чегинде жүрүшү керек. Болбосо, абал көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн", — деп кошумчалады эксперт.

Активдешкен саясий айдың

"Далил+" эксперттик клубунун мүчөсү Марс Сариев, тескерисинче, быйылкы жаз алдыдагы президенттик шайлоодон улам "ысык" болорун божомолдойт. Саясат таануучу абалды бийлик менен оппозициянын улам бир сценарий ойлоп таап, аны ишке ашыруу далалаты кыйындатарын белгиледи. Анын айтымында, ушул себептүү Кыргызстандагы саясий процесстер дыкат ойлонуштурулуп жасалат. Сариев бирөөнүн долбоору деп атап Садыр Жапаровду мисал келтирди. Эксперт Кыргызстан "турбуленттүү зонага" кабылганын айтууда.

"Элитанын каршылашуусунан улам кырдаал бир топ эле курчуйт. Ага президенттик шайлоо, тышкы оюнчулардын аракети кошумча болот. Мындан тышкары, учурда мурунку президенттердин, батышчыл бейөкмөт уюмдардын, Убактылуу өкмөт жана оппозициянын тарпташтарынын кызыкчылыгы бир жерден чыгып турат. Мындан улам олку-солкулук болушу толук мүмкүн", — деди Сариев.

Саясат тануучу буга карабастан, бийлик учурда күчүндө экенин, ал эми бир нече аракеттерине карабай оппозиция элди көтөрө албай келерин белгилейт.

Күч түзүмдөрүнүн дарамети канчалык

Күч түзүмдөрү боюнча экс-вице-премьер Абдырахман Маматалиев милиция мурункуга караганда алда канча күчтөнүп калганына токтолду. Ал мыйзамга киргизилген маанилүү толуктоолор укук коргоо органдарынын ишин, ошону менен бирге тартип бузгандарды кармоо аракеттерин иреттештирерин кошумчалады.

"Башкача айтканда, укук коргоо органдары аракетке өтүүдөн кооптонбогон мыйзамдар жаралды. Эл эки революция менен бир нече митингдерди көрдү. Мисалы, 2011-2012-жылдары митингдердин саны 1200гө жеткен. Аркы тарапта ким турду эле? Милиция менен башка күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү. Алар тажрыйба алып, бир топ өзгөрүштү", — деди мурунку вице-премьер.

Ал укук коргоо кызматкерлеринин материалдык-техникалык жактан да жакшыраак камсыздала баштаганын белгиледи.

"Абалды көзөмөлдөөгө күч түзүмдөрүнүн кудурети жетет. Кырдаал чыңалып турат, бирок аны революциялык деп айтууга болбойт", — деди Маматалиев.

Кимиңер күчтүүсүңөр?

Кыргызстандагы Чет элдик инвесторлордун ассоциациясынын директору Искендер Шаршеев учурдагы абал келечектеги инвесторлорго да таасир этип жатканын айтып берди. Анын айтымында, ишкерлердин көбү президенттик шайлоонун жыйынтыгын күтүп жатышат.

"Биздин рынокко кирүүгө кызыкдар кытайлык инвесторлордун ири тобу бар. Бирок бир жума мурун алар шайлоонун жыйынтыгын күтө турганын, жеңүүчү менен сүйлөшө тургандыктарын айтышты", — деди Шаршеев.

Выборы президента Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Талапкерликтен инаугурацияга чейин. Президенттик шайлоонун календары
Ал инвесторлор Кыргызстандагы саясий кырдаалга дыкат көз салып турганын, тобокелчилик жогору болгондуктан жагдайга жараша аракет кылышарын белгилешкенин кошумчалады.

Соңунда эксперттердин баары дагы бир ирет быйылкы саясий жаздын негизги факторлорунун бири 19-ноябрда өтө турган президенттик шайлоо экенин айтышты. Баш мыйзамга ылайык, учурдагы президент Алмазбек Атамбаев экинчи мөөнөткө бара албайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0