02:23 16 Тогуздун айы 2018
Түз эфир
  • USD69.1798
  • EUR80.0687
  • RUB1.0522
АКШ желеги. Архив

АКШнын Кыргызстандагы дипломатиясы: тийип туруп жааган күндөн түңүл…

© Sputnik / В. Киселев
Аналитика
Кыскача шилтеме алуу
233 0 0

АКШнын Кыргызстанга келген он элчисинин алтоо — аялдар. Жакында Бишкекке бул өлкөнүн жаңы элчиси Шейла Гуолтни келет. Ал айым Россияга каршы санкциялардын башында АКШнын Россиядагы убактылуу ыйгарымдуу өкүлү болуп турган.

"Чыгыш-Батыш стратегиясы" аналитикалык борборунун башкы директору Дмитрий Орлов республикада америкалык дипмиссияны Шейла Гуолтниден мурун башкаргандардын баарынын иштери туурасында эскерди. 

2-бөлүм. Тийип туруп жааган күндөн түңүл (2003-2014)

Мурдакы бөлүктө биз Кыргызстан менен АКШнын ортосунда мамлекеттер аралык мамилелер 1992 – 2003-жылдары кандай өнүккөндүгү жана алардын иш ыкмалары жөнүндө айтып берген элек. Бул мамилелерде америкалык элчилерге жана жалпы эле АКШнын дипломатиялык корпусуна башкы роль ыйгарылган. 

Стивен Янг

АКШнын Кыргызстандагы элчиси болуп Стивен Янг 2003-жылдын 16-апрелинен 2005-жылдын 17-августуна чейин иштеген. Оппозиция лидерлери жана бейөкмөт уюм башчылары менен жолугушуу жагынан ал эч кимди алдына салган жок. Өзүнүн биринчи интервьюсунда Янг Акаевдин дарегине бал тилин салып, сый сөзүн аяган эмес — бул эми анын кызматтык талабына жараша болгон деңизчи. Бирок кийинчерээк, 2004-жылдын декабрында Пакистандын аты аталбаган чалгындоо кызматы таап чыккан бир документтин бети ачылган. Бул Стивен Янгдын шайлоо алдындагы кырдаал боюнча жазган отчету эле. Анда мындай деп айтылат:

"КРде шайлоо алдындагы кырдаалдын, ошондой эле адилет жана демократиялык шайлоону камсыз кылып, ЖМКларда бизди ордубузду жана байланышыбызды сактап калуу аракеттеринин чегинен алганда, азыркы саясий тартиптин беделин түшүрүп, экономикалык каатчылыкка Акаев менен анын таламдаштары жооптуу болгудай кылууга басым жасоону сунуштайм. Биз ошондой эле шайлоо алдындагы кампания учурунда саясий эркиндик куугунтуукка алынышы мүмкүн деген маалымат жайылышына чара көрүшүбүз керек.

Оппозициялык ЖМКларда Акаевдин аялы каржылык махинацияларга катыштыгы бар деген жана кызматка коюудагы паракорлук жөнүндө маалыматты жайылтсак, президентти жаман аттуу кылганга эң жакшы болот. Биз дагы Майрам Акаева президент болом деген ниетте ж.б. айың кептерди таратууну кеңеш кылабыз. Кантсе да, бул каражаттар колунан эч нерсе келбеген президент деген ойду калыптандырууга жардам берет. 

Парламенттик жана президенттик шайлоолор башталар алдында оппозициялык партияларды каржылык колдоонун көлөмүн 30 миллион долларга көтөрүп, бейөкмөт уюмдар үчүн кошумча фондуларды түзүү олуттуу мааниге ээ деп эсептейбиз…". 

Кийинчерээк Янг бул докладды жазганын такыр эле танып койгон. Ошентсе да, 2005-жылы 24-мартта ал ЖМК аркылуу мындай деген:

"Мен азыр кырдаалга кийлигишип, аны жөнгө салууда кандайдыр бир роль ойноого аракет кылып жаткан мурдагы оппозициядагы кесиптештердин көбү менен маектешкем. Алар менен келечекте бирге иштей турганыма азыртан эле кубанычтамын. Азыр болуп жаткандар кыргыз элине жана анын чечимдерине тиешелүү, бирок АКШ бул иштерде ага жардамчы боло ала турганына сыймыктанат".

Акаев качкандан кийин оппозициячылар менен жолугушууда Акаев күч болдонуп, абалды өз колунан чыгарбай койсо АКШ эмне кылат эле деген суроого, Янг: "Биз жеңүүчүлөр менен иштейбиз" деп жооп берген.

Янгдын учурунда Кыргызстанда Эл аралык республикалык институт иштей баштаган. Аны USAID, АКШнын мамдепартаменти жеке менчик фондулар каржылайт. Ал шайлоолорго өзгөчө байкоо жүргүзөт. 

Мари Йованович

Мари Йованович Янгдын ордуна 2005-жылы 30-августта келип, 2008-жылдын августуна чейин иштеген. Кийинчерээк россиялык ЖМКлар ал жөнүндө мындай деп жазышкан:

"Айрым эксперттердин пикиринде, Йованович дипломатиялык кызматты натыйжалуу башкара алган жок. Ал эл көзүнө көп урунду: Сергей Прокофьевдин симфониялык жомогун окуп, өзүнүн машыктыруучусу кыргызстандык дзюдоист Лариса Мазурдун баласына өкүл эне болгон. Ошол эле учурда Йованович стратег катары алсыздыгынан, кыргыз-америкалык мамилелер бир топ начарлап кеткен, ал тургай, АКШ өлкөдө таасиринен жоготуп коё жаздаган".

2006-жылы Йованович Кыргызстанга Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюталык фонддун Heavily Indebted Poor Countries (HIPC же ХИПИК) программасына кирүүнү сунуштаган. Бул программанын жалпыга жарыяланган максаты жарды өлкөлөргө тышкы карыздарын төлөөгө жардам берүү болчу. Айрым атка минерлер, оппозиция жана бейөкмөт уюмдары ага кошулууга бир ооздон каршы чыгып, ХИПИК Кыргызстан тышкы донорлордун башкаруусуна өткөрүп салат дешкен. Кыргызстандын тарыхында коомдук-саясий "бутактардын" үчөөнүн тең өкүлдөрү биринчи жолу баш кошуп, бир пикирди карманышы мурда-кийин эч болгон эмес. Бирок кийинчерээк ХИПИКке баары түп көтөрө каршы чыгышы америкалык таасир көрсөтүү топтору өз ара тил табыша албагандан болду дегендер да чыккан.

Ошол эле 2006-жылы Кыргызстандан эки америкалык дипломатты чыгарып жиберишкен. Ал кездеги расмий документтерде жазылгандай, "Дипломат статусуна шайкеш келбеген иш-аракеттери үчүн". Йовановичтин элчиликтен кетиши болсо "куралдын чыр-чатагына" туш келген. Расмий версия боюнча, 2008-жылы 5-августта КРдин ИИМдин "Арсенал" деп аталган оперативдүү-профилактикалык иш-чарасынын жүрүшүндө милиционерлер АКШнын граждандары ижарага алган бир үйгө барышкан. Анда ИИМдин маалыматы боюнча 53 ок атуучу курал — ири калибрлүү пулеметтор, гранатомет, автомат, тапанча, снайпердик мылтыктар табылган. Андан башка дагы түрдүү калибрдеги 15 миң ок табылган. Анан калса, ал жерде АКШ элчилигинин дипломатиялык иммунитетке ээ эки кызматкери жана 10 америкалык аскер кызматкери да ошол жерде болгон. Алар атайын бөлүмдүн кызматкерлерине тренинг өткөргөнү келдик деп айтышкан. Башында бир да күч түзүмү бул курал аларга тиешелүү экенин моюнга алган эмес, бирок кийинчерээк УКМК өз бөлүмдөрүнүн жоокерлери үчүн тренинг өткөрүүгө алынып келген курал болчу деп билдирген.

Татиана Гфеллер-Волкофф

Татиана Гфеллер-Волкофф, Мари Йовановичтин ордуна расмий түрдө 2008-жылы 22-октябрда келген. Ал эми 2011-жылы 8-мартта Кыргызстандан чыгып кеткен. 

2009-жылдын октябрында Кыргызстанда АКШ элчилигине байланышкан дагы бир тыңчылык жаңжалы чыгып, кайра бат эле басылып калган. Ал кездеги республиканын Улуттук коопсуздук кызматы кыргызстандык эки жаранды — АКШ элчилигинин күзөтүндө кызмат кылган мурдагы милиционерлерди кармаган. Бир катар ЖМК маалымдагандай, алардын биринин үйүн тинтип жатып, чекисттер АКШнын Терроризмге каршы агенттигинин Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн маалымкатын таап алышкан. Анда Борбордук Азиянын экстремисттик топторунун лидерлери жөнүндө маалымат бар болчу. 

Ал кезде журналисттер премьер-министр Данияр Үсөновдун жардамы менен элчи Гфеллер УКМКнын жетекчиси Мурат Суталиновге жолугуп, эки кыргызстандыкты кармоого байланышкан окуяны ырбатпоо жөнүндө макулдашты деген божомолдоолорду айтышкан. 

2010-жылы 7-апрелден кийин эле Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева Гфеллер оппозиция менен байланышка аз көңүл буруп, Бакиевди артык көрүп жатат деп доомат койгон. Гфеллер болсо элчиликтен мөөнөтүнөн мурун чакырып алынган. Анда байкоочулар муну Отунбаева талап кылды деп болжошкон.

Гфеллердин убагында — 2010-жылдын сентябрынан тарта — Кыргызстанда USAID каржылоочу дагы бир уюм — Development Alternative Incorporated (DAI) иштей баштаган. Ал Жогорку Кеңешти бекемдөөгө көмөк көрсөтүү боюнча долбоордун аткаруучусу. Долбоор өз кезегинде АКШ менен КР өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимдин негизинде иштеген. 1993-жылы 19-майда түзүлгөн бул келишим көмөк көрсөтүүнү жеңилдетүү боюнча кызматташтык жөнүндө болчу. Баарына белгилүү болгондой, быйыл 20-августта ал документ денонсацияланган. Эми ал долбоор жана DAI өзү менен эмне болору белгисиз. 

Памела Спратлен 

АКШнын Кыргызстандагы элчилигине 2011-жылы 15-апрелде келип, кызматынан 2014-жылдын декабрында кеткен. Ал иштеп тургандагы эң башкы окуя — өткөн жылдын июнь айында "Манастагы" транзиттик ташуу борборунун чыгарылышы болгон. 

Кыргызстандан кетер алдында Спратлен Россия менен жакындашуу республикадагы демократияга терс таасирин тийгизет деген мааниде макала жазган. Андан үзүндү: 

"Кыргызстан мындай шериктештикке умтулуу менен өзүнүн демократиялык жолун кантип сактап калат? Президент Атамбаевдин 2015-жылдын башына чейин Бажы биримдигине кошулуу жөнүндө чечими ушундай көйгөйгө мисал".

Россиянын, деп жазат Спратлен, Кыргызстанга тийгизген маданий таасири өтө күчтүү. Ал муну совет мезгилинен калган мурастар жана россиялык ЖМКлар аркылуу жасай алат. Өз докладында ал жашоочулардын көпчүлүгү жаңылыктарды орус тилдүү булактардан алат деп белгилейт. Украинада уланып жаткан каатчылык, россиялык үгүтчүлөрдөн алынган Америкага каршы кескин маанай жергиликтүү коомчулуктун арасында Москвага керектүү пикирди калыптандырган. Бул АКШнын элчиси дүйнөдө болуп жаткан окуялар жөнүндө Кыргызстандын өз пикири болушу мүмкүн эмес деп ачык эле айтканы да. 

Андан мурдараак, 2012-жылы Кыргызстандын Жаштар-атуулдук кыймылы Спратленди жана анын британиялык кесиптеши Жулия Фарнвортту Кыргызстандын ички иштерине кийлигишкендик үчүн айыптаган. Ошол эле жылы июлда өткөн маалымат жыйынында аталган кыймылдын өкүлү Эмил Турдубеков мындай деген: 

"18-июнда "Талас Копер Голд" компаниясына келген учурда АКШнын элчиси Памела Спратлен жергиликтүү калктын наарызчылыктарынын себебине гана кызыгып жана мурда болгон чыр-чатактардын чоо-жайын тактап сурабастан, пайда болгон абал боюнча бир катар оюн айтып, чыр-чатакты жөнгө салууга эч үмүт жок деген терең көз карашын билдирген".

Тыянак

Шейла Гуолтнинин Кыргызстанга экинчи жолу, эми дипмиссиянын башчысы катары келиши да ар кандай "сыр белектер" менен коштолушу ыктымал. Анын үстүнө, андан мурунку элчи биздин өлкөгө камчынын учун көрсөткөн өңдөнүп кетпедиби. Парламенттик шайлоо да жакындап калды дегендей. Жана эми бул жерде баары мамлекеттик аппараттын натыйжалуулугуна жана башкаруучулугуна гана эмес, элдин аң-сезимине да жараша болот. Анткени АКШ өзүнө жакпаган өкмөттөр менен эмне кылып коёру эбак маалым эмеспи. 

Жалпысынан алганда, көпчүлүк таанымал эксперттердин ойлоруна карабай, Кыргызстанда көздөгөн максаттарынын бирине да АКШ баары бир толук жете алган жок. Дүйнөлүк ЖМКларда биздин өлкө жөнүндө эмне айтып-жазбасын, жакынтан бери социалдык тармактарда да "көп багыттуу" деп аталган саясат баары бир өзүнүн оң ишин жасады: ал эки башкы "багыттын" тең иш-аракет натыйжаларын салыштырууга мүмкүндүк берди. Андан айкын-даана чыгарылган тыянак: "Жалгыз эски дос эки жаңы достон өйдө". 

Автордун көз карашы редакциянын көз карашына туура келбеши мүмкүн. 

Белгилер:
демократия, АКШнын Кыргызстандагы элчилиги, Шейла Гуолтни, Аскар Акаев, Памела Спратлен, Россия, Кыргызстан, АКШ
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ