БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Нарын шаарында 5 жашар бала Нарын дарыясына түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, каргаша кечээ, 5-апрелде, болгон. Кечээ издөө иштеринен майнап чыккан эмес.
Бүгүн издөөгө кошумча күчтөр тартылып, дрон колдонулууда. Учурда бөбөктү жалпы 96 адам издеп жатат.