БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Бишкекте 6 жашар бөбөктү иттер талап, ооруканага түштү.
Баланын атасы Sputnik Кыргызстан агенттигине окуя кечээ Калыс-Ордо конушунда болгонун айтып берди.
"Ойноп жүрүп жыгылып кеткенде кошунанын үч ити талап салыптыр. 2-3 саатка созулган операция болду. Баш терисин тытып салышкан, колу-буту дагы жабыркаган”, — деди ал.
Бишкек шаардык милициясы иттер атылганын, окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.
Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги ит талаган баланын мээси жабыркаганын кабарлады. Бөбөк ооруканага кечээ саат 15:40та түшкөн.
“Баш териси сыйрылып, көптөгөн жарааттар бар. Тулку боюнун дагы көп жери тиштелген. 1-2-даражадагы травматикалык шок алган”, — деп айтылат маалыматта.
Бөбөккө керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Абалы орточо оор.