Балдарды 1-класска каттоонун биринчи этабына өзгөртүү киргизилди

Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Агартуу министрлиги балдарды 1-класска каттоонун биринчи этабына өзгөртүү киргизилгенин маалымдады.
Буга чейин микроучасток боюнча бир нече мектеп сунушталып, ата-энелер бирин тандачу. Эми система бир гана мектепти сунуштайт. Өзгөртүү Бишкек шаарынын тургундарына гана тиешелүү.
Министрлик чечим мектепте орундун жетишсиздигинен жана ордо калаада элдин көптүгүнөн улам кабыл алынганын айтты.
Балдарды 1-класска каттоо бүгүн башталды.
Быйыл балдар 1-класска гана катталат. Агартуу министрлиги чоо-жайын түшүндүрдү