Гонконгдогу адам өмүрүн алган өрт. Жапаров Си Цзиньпинге көңүл айтты

Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Садыр Жапаров Гонконгдогу өрттүн кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө башчы телеграммасында маркумдардын үй-бүлөсүнө жана жакындарына жылуу сөзүн айтып, жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалады.
Эске салсак, 26-ноябрда Гонконгдогу көп кабаттуу турак жай комплексинен өрт чыгып, 44 кишинин өмүрүн алып кеткен. Тилсиз жоо сегиз имаратка жайылган.
Каргашадан улам Гонконг полициясы өрткө байланыштуу деп үч кишини камакка алганы айтылган.
Гонконгдогу өрттөн 44 киши өлүп, 279 адам табылбай жатат