Садыр Жапаровдун Египетке болгон расмий сапары аяктап, президент андан ары Вашингтонго учуп кетти. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди. Өлкө башчы Трамптын чакыруусу менен Вашингтондо 6-ноябрда өтө турган Борбор Азия лидерлери менен АКШ башчысынын кезектеги жолугушуусуна катышат.Эскерте кетсек, 4-ноябрда, Египетке расмий сапар менен барган. Анын алкагында бир катар маселелерди талкуулашты. Ошондой эле Сүйлөшүүнүн алкагында соода-экономикалык, инвестициялык жана илимий-техникалык тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө багытталган макулдашууларга кол коюлган..
Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Республикалык компетенциялар борборунда "Мыкты мектеп ашпозу – 2025" республикалык сынагынын финалы өттү. Конкурска өлкөнүн бардык облустарынан келген жети ашпоз катышты. Анын ар бири тандоодон өтүп, мектеп менюсу үчүн атайын түзүлгөн ысык тамактын автордук рецебин сунуштады. Негизги шарты тамак жеткиликтүү жана пайдалуу болушу керек. Бир порциясы 30 сомдон ашпай, курамындагы азыктар өзүбүздө өстүрүлүп, жашылча же жемиш камтышы кажет эле. Финалдык программа үч этапты: чыгармачылыкты, санитардык ченемдерди билүүнү жана практикалык көндүмдөрдү камтыды. Натыйжада Баткенден келген Алтынай Жарматова жеңүүчү деп табылып, ага ашкана жабдуусун сатып алуу үчүн 50 сомдун сертификаты ыйгарылды. Экинчи орун ээлегендерге 30 миң сомдук, үчүнчүнү алгандарга 20 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Байгелүү орундарга илинбей калгандарга Грамота жана белектер берилген.
Курулуш жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринде коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалыматка караганда, эки мекеменин тескөөчүлөрү объектилерди пайдаланууга берүү актыларына кол коюу үчүн акча опузалаган деп шектелүүдө. Тергөө учурунда инспекторлор актылардын макулдашуу мөөнөтүн атайылап создуктурганы аныкталган.Бишкектеги тигүү цехин пайдаланууга берүү актысына кол коюуга кызматкерлердин бири 2000 доллар талап кылса, экинчиси 27 миң сом сурап, каражат мобилдик тиркеме аркылуу которулушу керек болгон. Топтолгон материалдардын негизинде "Опузалап пара алуу" боюнча иш козголгон. Анын алкагында эки шектүү акча алып жаткан жеринен колго түшүрүлүп, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Россия президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңештин жыйынын өткөрүп, өзөктүк сыноолорду жүргүзүү ыктымалдыгына болгон даярдыкты карап чыгуу үчүн зарыл маалыматты топтоону жана анализ кылууну тапшырды. Ошондой эле Владимир Путин Трамптын өзөктүк сыноолор боюнча айткандары олуттуу маселе экенин белгилеген. Муну менен катар АКШ жыл аягында орто аралыкка ата алган, гиперүндүү, 5,5 миң чакырымды мээлей алган ракеталык комплексти алууну пландоодо. Келечекте аларды Европа, Азия жана Тынч океан аймактарына жайгаштыруу мерчемделип жатканын айтты. Путин Россия "Өзөктүк сыноолорго ар тараптан тыюу салуу жөнүндө келишим" боюнча милдеттенмелерди аткарып жатканын, бирок анын башка катышуучулары өзөктүк сыноолорду өткөрсө тийиштүү жооп чараларын көрүшү керектигин белгиледи.