Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМКлар Трамп Зеленский менен Россиянын коопсуздук кепилдигин талкуулаганын жазды

Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Владимир Зеленскийди кабыл алып жатып Украина менен биргеликте Россиянын да коопсуздук кепилдигин талкуулаган. Бул тууралуу Рейтер агенттиги жазганын РИА Новости кабарлады.
"Трамп Киевдин да, Москванын да коопсуздук кепилдиги тууралуу сөз калды", — деген агенттиктин маектешинин бири.
Маалыматта украин делегациясы үчүн АКШ лидеринин позициясы бир топ эле күтүүсүз болгону айтылат. Ал мындай кадамга Зеленский аймагын өз ыктыяры менен бербей турганын айткандан кийин барган.
"Трамп "турган жерде, башкача айтканда, демаркация линиясында" келишим түзүүнү чечип, жолугушуу ошону менен жыйынтыкталган", — деп жазды агенттик.
Маалымат бергендердин биринин айтымында, Трамп эгер Киев кепке келбесе "өлкө (Украина — ред.) жок болот" деген жүйө келтирген. Мындан тышкары, АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча өкүлү Стив Уиткофф Украинадан Россия менен аймак "алмашууга" макул болуусун катуу талап кылгандардын бири болгон.
Буга чейин CNN Ак үйдө өткөн жолугушууда Трамп Зеленскийге ыраакка атылуучу ракета бербей турганын ачык айтканын жазган. Axios порталы да өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен АКШ Украинага "Томагавк" ракеталарын бербестигин билдирген болчу. Ишемби күнү Германия канцлери Фридрих Мерц Зеленскийдин Америкага сапары ал каалагандай болбой калганын моюндаган эле.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын апрелинде Трамп Россиянын Украина аймагынын баарын алам дебегени эле эпке келүүгө тете экенин айткан. Ал эми "Украина аймагын бериши керекпи" деген суроого "бул кайсы аймак тууралуу сөз болуп жатканына жараша" деп жооп берген.
Зеленский РФ менен АКШ президенттеринин Аляскадагы жолугушуусунун алдында аймактарынан баш тартпай турганын билдирген. Бирок кийинчерээк колунан чыгып кеткен территориясын күч менен кайтарып алууга Украинанын чамасы чак экенин моюндаган болчу.
WSJ: Ак үй АКШ Россияга караганда Украинага көбүрөөк кысым көрсөткөнүн моюндады