БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Россиянын лидери Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады.
"Сиздин жогорку мамлекеттик кызматтагы көп пландуу жана масштабдуу ишмердүүлүгүңүз ар дайым кесипкөйлүктү, принциптүүлүктү, акылмандуулукту жана стратегиялык маанилүү чечимдерди кабыл алууда өзгөчө жоопкерчиликти көрсөтүп келет", — деп айтылат куттуктоо текстинде.
Жапаров белгилегендей, Путиндин жетекчилиги менен Россия ырааттуу жана көп кырдуу өнүгүүдө ишенимдүү алдыга жылып баратат. Ал Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы салттуу достук мамилелер эки өлкө элинин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да бекемделип, кеңее берерине ишеним билдирди.
"Кыргызстан Россия менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык байланыштарды өнүктүрүп тереңдетүүгө биринчи кезекте маани берерин белгилегим келет. Бул байланыштар бекем достук салтына, жалпы тарыхый жана маданий мураска, ошондой эле өз ара урматтоо жана колдоо принциптерине негизделген. Биз эки тараптуу күн тартибинин бардык негизги аспектилери боюнча активдүү жана конструктивдүү өз ара кызматташууну улантууга дайым даярбыз", — деди президент.
Ал россиялык кесиптешине чың ден соолук жана жооптуу мамлекеттик ишинде ийгиликтерди, ал эми Россиянын достук мамиледеги элине гүлдөп-өнүгүүнү жана бакубатчылыкты каалады.