Эгемендүүлүк алгандан бери алыскы Зардалыга биринчи ирет жол курулуп жатат. Бул биздин жол курууга болгон мамилебиздин көрсөткүчү десек болот. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жолдордун курулушу өлкөнүн экономикасынын өсүшүнөн кабар берип, алдыда дагы өнүгүүгө таасир этет.
"Экономиканын тилинде айтканда азыр биз жолдорду куруп жатканыбыздын корреляциясы бар. Бул, демек, чынында эле өлкө экономикасы өсүп жатканынан кабар берет. Ошол эле учурда курулган жолдор аркылуу аймак аралык каттам жакшырып, туризмге оң таасир этет. Жүк ташуу эл аралык стандарт менен алганда асфальтталбаган кара жолдон ташыганга караганда төрт эсе арзандайт. Мына ушундай ири экономикалык жакшы жактары бар. Бирок биздеги маселе сапатында жана адистерде болууда. Жол курган компанияларды өстүрүп чыгара албай жатабыз. Кайра эле чет элдик компанияларга берип, алар акчаны чыгарып кеткени аз келгенсип, сапатын да купулга толорлук жасабай жатышат. Ошону менен катар эле биз заманбап технологиялар менен иш алып барган адистерди жаратып чыгара албай калып жатабыз, чет элдиктер өз адистери менен иштешет. Жол курууда мына ушул ички маселелерди чечип алсак, бул багыттагы инфраструктуранын өнүгүшү биздин экномика үчүн өтө пайдалуу", — деди Мамытов.
Ал кыргызстандык компанияларды өстүрүп чыгаруу заман талабы болуп турганын баса белгиледи.