БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. ЖККУ Борбор Азияда өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтарууну координациялоо үчүн гуманитардык борбор түзөт. Бул тууралуу ЖККУнун башкы катчысынын орун басары Валерий Семериков билдирди.
Ал Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдар боюнча координациялык кеңешинин 16-жыйынына (ӨККК) катышууда.
Семериковдун айтымында, жыйында табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү системасын өркүндөтүүгө багытталган чечимдер кабыл алынды. Ыкчам чара көрүү боюнча жамааттык күчтөрдүн курамына кирген күчтөрдү жана каражаттарды пайдалануу маселелери да талкууланды.
“Координациялык кеңештин ишинин кыска мөөнөттүү келечегине гана багытталбастан, анын узак мөөнөттүү негизде иштөөсүн уюштуруу боюнча да чечимдер кабыл алынды. Жамааттык коопсуздук кеңешинин жана бир катар мамлекеттердин сунуштарына ылайык, Борбордук Азия регионунда өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу боюнча гуманитардык борборду түзүү тууралуу маанилүү маселени карап чыгабыз”, — деди Семериков.