Садыр Жапаров Алтайга барып, жаңы салынган “Манжерок” лыжа базасын көрдү

Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров Алтай жергесине барып, жаңы салынган “Манжерок” лыжа базасын көрүп келгенин социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
“Элдик түшүнүккө караганда, Алтай – кыргыз эли мекендеген, өнүп-өскөн ыйык жерлердин бири, Манас атабыз туулуп, торолгон жер. Азыр дагы Алтай жергесинде биздин жер-суу аттарындай жерлер, тоолор, аймактар бар экени дагы бир нерседен кабар берип турат. Демек, кыргыз эли үчүн Алтай жергеси дагы алтын бешиги!” — деди президент.
Жапаров билдирүүсүндө жакын арада Жыргалаң, Ак-Булак, Бозучук тоолорун бириктирген лыжа базасы куруларын кошумчалаган.
“Куруучу компаниялар үчүн февраль айында конкурс өткөрүлөт. Утуп чыккан компания курулушту баштайт. Конкурска катышууга шашылыңыздар”, — деди президент.
Өлкө башчы жарыялаган сүрөттөрдөн бизнесмен Өмүрбек Бабановду көрүүгө болот.
90 млн. сом карызы төлөндү. Садыр Жапаров "Ысык-Ата" санаторийин ачты