Политех кытайлык компания менен ноутбук чогулткан цех иштете баштады

Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети кытайлык компания менен ноутбук чогулткан цех иштете баштады. Бул тууралуу окуу жайдан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, студенттерге Кытайдын 4 инженери сабак берип, ноутбук чогултууну үйрөтөт. Окуу жай бул жерде күнүнө жогорку сапаттагы 1,5 миңге чейин ноутбук чогултууга болорун кошумчалады.
Бийлик бардык мугалимдерди камсыз кылчу 80 миң ноутбук ушул жерден чыгарылып калышы ыктымал.
Жалкоолордон арылабыз. Бийлик мугалимдердин билим берүү сапатына көңүл бурат