БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Россия Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөр менен экономикалык жана гуманитардык алаканы бекемдөөгө кызыкдар. Бул тууралуу РФ премьер-министри Михаил Мишустин билдиргенин РИА Новости жазды.
Москвада КМШ премьерлер Кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, ага россиялык өкмөт башчы төрагалык кылган.
"Биз салтка айланган экономикалык жана гуманитардык байланышты чыңдоого кызыкдарбыз. Россиянын тышкы соодасынын 16 пайызы Шериктештик өлкөлөрүнө туура келет. Ал эми жалпы соода үстүбүздөгү жылдын үч кварталында 11 пайызга өстү", — деген Мишустин жыйын учурунда.
Мындан тышкары, РФ премьери "мультимодалдык логистикалык борборлордун, хаб жана терминалдардын кеңири системасы" түзүлүп жаткан транспорт тармагындагы биргелешкен аракеттерге, ошондой эле билим берүү жаатындагы кызматташууга басым жасады.