БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Кыргызстандыктар май майрамдарында катары менен беш күн эс алат, тагыраагы, 1-5-май күндөрү иштебейт. Бул боюнча токтом долбоорун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги даярдап, өкмөткө сунуштаган.
Беш күн катары менен эс алуу күндөрдү жылдыруудан улам топтолгон. 2-майда эс алганын кыргызстандыктар 1-сентябрда иштеп толтурат.
31-август — Эгемендүүлүк майрамы жекшембиге туш келгендиктен 1-сентябрь (дүйшөмбү) эс алуу күнү деп эсептелмек, бирок майдагы каникулдан улам жогорудагыдай чечим кабыл алынган.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Эмгек кодексиндеги дем алышка туш келген майрам күндөрдү башка учурга жылдырган өкмөттүн кошумча чечимин алып салуу боюнча мыйзам долбоору бар экенин эске салат. Эгерде ал кабыл алынып кетсе, бул токтом күчүн жоготушу мүмкүн, тагыраагы, май майрамдары боюнча катар келген эс алуу күндөрүнүн ырааты өзгөрөт.