БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан бир нече документке кол коюшту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Алар кыргыз-венгер кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнү кеп кылышып, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшкан.
Алар:
Кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларация;
Аба каттамы жөнүндө макулдашуу;
Бажы жаатында кадрларды даярдоо жана кесиптик квалификациясын жогорулатуу жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
Юстиция министрликтеринин ортосундагы 2025-2027-жылдарга карата кызматташтык программасы;
Билим берүү жана илим министрлиги менен Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин ортосундагы 2025-2027-жылдарга STIPENDIUM HUNGARICUM программасынын алкагында кызматташуу боюнча меморандум.