Республика боюнча фермерлерди тейлөө борборлору ачылат

Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Республика боюнча фермерлерди тейлөө борборлору ачылат. Бул тууралуу айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев "Биринчи радиого" маек куруп жатып билдирген.
Анын айтымында, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарында пилоттук долбоор ачылууда.
"Калкты тейлөө борборлору бар эмеспи, ошол сыяктуу фермерлерди тейлөө борборлору ачылат. Ал жерден каржылоо, үрөн, селекциялоо, техника, жер семирткич жана башка дыйкандарга тиешелүү бардык маалыматтар берилет", — деди Төрөбаев.
Ал ошондой эле учурда дыйкандар барып маалымат ала турган жер жок болуп жатканын кошумчалады.
Айыл чарба жерлери дене тарбия-ден соолукту чыңдоо үчүн трансформацияланууда