Диетолог магнийдин жетишсиздиги кандай ооруларга кептей турганын түшүндүрдү

Адис организмде магнийдин жетиштүү же жетиштүү эмес экендигин аныктоо үчүн дарыгерге кайрылуу керектигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Ден соолук үчүн маанилүү минералдардын бири магнийдин жетишсиздиги кандай кесепеттерге кептеши мүмкүн экенин Sputnik радиосуна курган маегинде диетолог Александра Разаренова айтып берди.
Дарыгер түшүндүргөндөй, магнийдин жетишсиздиги алсыздык, тарамыштардын түйүлүшү, жүрөктүн иштешинин бузулушу, депрессия жана башка көйгөйлөргө алып келиши ыктымал.
"Күнүмдүк тамак-аштын курамында орто эсепте 400 миллиграмм магний болушу керек. Адам стресс болгондо магнийди көп жоготот, анын жетишсиздиги организмди түрдүү ооруларга кептейт. Мындайда магнийди кошумча ичсе болот. Адегенде дарыгер менен кеңешип, анын күнүмдүк дозасын аныктап, андан кийин толуктоо зарыл. Ошол эле учурда магний туздары, магний минералдык сууларын кошуп жуунуу да жакшы натыйжа берет", — деген Разаренова.
Диетолог курамында магний көп болгон азыктар да анын толукталышын шарттай турганын белгилеген.
"Организмдеги магнийди нормасына келтирүү үчүн күнүмдүк рационго жаңгак, бадам, кешью, ашкабактын данын, семичке кошсо болот. Мындан тышкары, көк чөптөр, жашылчалар, анын ичинде шпинат, брокколи, мөмө-жемиштерден банан, авокадо, инжир бар. Кызыл күрүч, жасмык, нокот, балык, йогурт, сыр да адамдагы магнийдин калыбында болушун шарттайт", — деп кошумчалаган адис.
Ошондой эле ал организмде магнийдин жетиштүү же жетиштүү эмес экендигин аныктоо үчүн дарыгерге кайрылуу керектигин белгилеген.
Диетолог D витамини кайсы азыктарда көп экенин тизмектеди