БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда тоо-кен ишканасынан 200 миң доллар талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, Чаткал районунун мурдагы акими Т.А., ички иштер органынын мурдагы тергөөчүсү И.Н.А. жана журналист Н.А.К. чет элдик инвесторлордон 200 миң доллар опузалоого шектелүүдө.
"Мурдагы тергөөчү 10 миң доллар алып жаткан жеринен кармалды. Жогоруда аталган адамдар үстүбүздөгү жылдын июль айында эки транш менен 60 миң доллар алып, калган сумманы четинен алып келишкен", — деп айтылат маалыматта.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси ("Опузалоо") менен кылмыш иши козголуп, кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.