ЖКККББ жетекчиси: скутер жана самокат үчүн эрежелер декабрга чейин кабыл алынат

Учурда ЖКККББ жол кыймылынын эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Мопеддер боюнча инструкциялар жана жоболор жыл аягына чейин кабыл алынат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Жоробеков Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Депутат Бактыбек Сыдыков жазында Жогорку Кеңеш скутерлердин жүрүшүн жөнгө салган мыйзам кабыл алып, ага президент кол койгонун, ошентсе да өзгөрүүлөр дагы деле жок экенин белгиледи.

“Качан болот? Азыр мопеддер кырсыктардын себепчиси болуп жатат”, — деди ал.

Жол милициясынын жетекчиси ЖКККББ жергиликтүү бийлик менен биргеликте мопед жана самокаттардын эрежелерин иштеп чыгып жатканын билдирди.
“Учурда мунун үстүндө иштеп жатабыз. Декабрга чейин эреженин баарын жазып чыгабыз”, — деди Жоробеков.
Бишкекте бетон аралаштыргыч машина менен кагышкан скутерчи мүрт кетти. Видео