Россия Кыргызстанга транспорт тармагында адистерди даярдайт

Университеттин адистери жети багыт боюнча окууга арыздарды кабыл алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Кыргызстандыктар Москвадагы политехникалык университетке тапшыра алышат.
Арыздар Россиянын ЖОЖдору тарабынан Кыргызстандын транспорт тармагы үчүн кадрларды комплекстүү даярдоо боюнча келишимди ишке ашыруунун алкагында кабыл алынат.
Университетке төмөнкү багыттар боюнча бакалавр, адистик жана магистратура программаларына арыз жөнөтүүгө болот:
Транспорттук факультет;
Машина куруу факультети;
Маалыматтык технологиялар факультети;
Урбанистика жана шаар чарбасы факультети;
Химиялык технология жана биотехнология факультети;
Экономика жана башкаруу факультети;
Алдыңкы инженердик мектеп.
Документтерди кабыл алуу орду жана убактысы:
Бишкек (Целинная, 16) — 5 июль саат 12:00дөн 18:00гө чейин;
Каракол (Карасаев, 239/я) — 8-10 июль саат 10:00-17:00.
Университет арыздарды заманбап технологиялык компанияларда такшалтып, андан кийин кепилденген жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү менен бюджеттик негизде окууга кабыл алат. Университеттин сайты — mospolytech.ru.
Кыргызстанда биринчи ирет ЖОЖдордун улуттук рейтинги түзүлдү. Жыйынтык