Актриса Анастасия Заворотнюк көз жумду

Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Белгилүү россиялык актриса жана алып баруучу Анастасия Заворотнюк каза болду. Кабар өзүнүн социалдык баракчасына жарыяланганын РИА Новости жазды.
Актриса 53 жашта болчу.
Заворотнюктун ооруп калганы 2019-жылдын август айында белгилүү болуп, мээ рагына кабылганы айтылган. Анткен менен жакындары бир топко чейин унчукпай, андан соң актрисанын дарыланып жатканын билдиришкен.
Актриса түндө көз жумган.