Москвада ЕЭК кеңешинин жыйыны өтүп, 15 маселе каралды

Отурумдун соңунда ЕЭК кеңеши 3-4-июнда Несвиж шаарында (Беларусь) өтө турган кийинки жыйындын күн тартибин бекиткен.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Жыйында 15 маселе каралган.
1 / 2

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынына катышты

2 / 2

Жыйында 15 маселе каралган

"Анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүндө 2029-жылга карата чылымга бирдиктүү индикативдик акциз салыгынын ставкасы бекитилип, дары-дармек каражаттарын каттоо жана экспертизалоо эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилди", — деп жазылат маалыматта.
ЕЭК кеңешинин мүчөлөрү товарларды бажыда декларациялоо иш-тажрыйбасына байкоо жүргүзүп, каттаган отчетту талкуулашкан.
Соңунда ЕЭК кеңеши 3-4-июнда Несвиж шаарында (Беларусь) өтө турган Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин отурумунун күн тартибин макулдашып, бекиткен.
ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы соодада товардын 90%ына бажы алымы колдонулбайт