Малайзиянын премьер-министри расмий сапар менен Кыргызстанга келет

Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим 15-16-майда расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Маалыматка ылайык, Анвар Ибрагим Борбордук Азия боюнча сапарынын алкагында Кыргызстанда болот.
Өлкөдө ал жогорку жана бийик деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт. Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык алаканы жакшыртуу талкууланары белгиленди.
Кыргызстан малайзиялык компания менен алтын буюмдарын чыгарууну көздөөдө