Бишкекте Россиядан келген аскер музыканттары акысыз концерт коюшту. Алар көрүүчүлөрдү таң калтырып, Мирбек Атабековдун "Ата мекеним" чыгармасын аткарышты.
Россиянын Коргоо министрлигинин Борбордук аскер округунун ыр-бий ансамбли Кыргызстандын жети аянтчасында концерт берет. Иш-чара Улуу Жеңиштин 79 жылдыгын майрамдоого арналган.