БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Германия кансыз согуштан кийинки өтө радикалдуу аскерий реформа жүргүзөт. Мындай маалыматты РИА Новости Financial Times басылмасына таянып билдирди.
Германиянын коргоо министри Борис Писториус немец армиясын "баштан-аяк" реформалоо боюнча буйрукка кол койгонун жар салды. Бул Германиянын өзүнүн куралдуу күчтөрүнө болгон талап, мамилесин өзгөртө турчу масштабдуу чаралар экени айтылды. Бундесвер реформа алкагында кибер жана маалыматтык айдың менен алектенип, куралдануунун төртүнчү түрүнө ээ болмокчу.
Министрдин маалыматына караганда, Бундесвердин реформа жаатындагы уюштуруу түзүмдөрү Германиянын Куралдуу күчтөрүн согушту кошкондо өзгөчө кырдаалдарга даяр туруусун камсыздамакчы.