Акындын туулган мезгили жана жери. Бул дата тууралуу ар кандай айтылат: 1860-жылдын күзү (Жоомат Бөкөнбаев), 1864-жылдын күзү (тарыхчы А.Чукубаев), акын өзү "Кыйындык түштү башыма" деген 1898-жылы айдалып бара жаткандагы ырында "Отуз төрт жашта оюлдум" деп атат, ага караганда туулган жылы 1864-жыл, 1937-жылы атайын комиссия Кетмен-Төбөгө барып келип, алар Кыргыз АССР Эл комиссарлар советинин төрагасы Баялы Исакеевге кат жазат, анда акындын 70 жылдыгын белгилешибиз керек, ал 1867-жылы туулган деп айтышат, 1928-жылы Фрунзеге барганда чайканада жолуккан Термечик уулу Шаршенге "алтымыш тогуз жашадым" деп ырдайт, ага караганда Т.Сатылганов 1928-жылы 69 жашка чыккан болсо, 1859-жылы туулган болуп жатат. Демек, бул маселе дагы да тактоону талап кылат. Ал эми туулган жери Кетмен-Төбөнүн Сасык-Жийде (Ж.Бөкөнбаев, А.Чукубаев), Кушчу-Суу (бир катар окуу китептери), Арым, Кутчу-Суу, Кутчу-Сай, Саз-Жийде, Мазар-Сай, Чолпон-Ата, Кыша ж.б. деп жүрөт.
Акындын теги. Токтогулдун атасынын ысымы – Сатылган. Чоң атасы айрым булактарда (А.Чукубаев, Б.Кебекова) – Токсонбай, айрым булактарда (Т.Султанов) – Ороз, айрым булактарда (өзүнүн Ладышевге айтып бергени) – Ботоян. Токтогулдун уруусу – сарттар. Бир катар санжыраларга караганда, сарттар деген адигиненин бир тарамы. Айрым санжыраларда сартбай, сартыке деп да айтылат. Жоомарт Бөкөнбаевдин айтуусунда "Кетмен-Төбөгө орношулган сарттар Алай жактан ооп келген дешет". Токтогулдун өзү билгени боюнча, төртүнчү атасы – Чатыр, анын үч уулу: Мадыш, Ботоян, Кашкатай. Ботояндан үч уул: Атаян, Нарбала, Сатылган. Сатылгандан – Токтогул.
Токтогулдун устаттары. Чыгармачылыкта, анын эң жогорку, уникалдуу формасы болгон төкмөлүк өнөрүндө устат-шакирт феномени өзгөчө мааниге ээ. Бул жагынан биздин адабиятчылар Токтогул улуу устат болгондугун, аны айланып-тегеренип, баш-аягы 60тай шакирт жүргөнүн айтып келет. Бирок акындын устаттары, ага өнөр үйрөткөн, тапка келтирип, байгеге сайган саяпкерлери, акындык гана эмес адамдык нарк-насили менен өрнөк берген адамдар тууралуу анчалык кеп кыла бербейбиз. Эскерүүлөргө, ырларга караганда, Токтогулга Көчүбай, аксылык комузчу Ныязалы Борош уулу, таластык Чоңду (Сары ырчы) менен Сартбай Байжигит уулу, алайлык Орозаалы, аксылык Нурмолдо Наркул уулу, түбү кушчунун сабатарынан болуп, казактар арасында жашап калган Жаныш ырчы, Жумгал, Суусамыр жердеген саяк Айтыке ырчы, кадимки Балыктын (Балыкооз) уулу Найманбай устат болгон.
Арзымат менен айтышы. Токтогулдун акын катары таанылышында анын Арзымат менен айтышуусу өзгөчө белгиленип келет. Соңку учурда бул адамды да болгон эмес, жөн гана Токтогулдун образын түзүү үчүн ойдон чыгарылган каарман болсо керек деген пикирлер айтылып жүрөт. Замидин Мадалбеков Албандын уулу Арзыматтын болжолу 1825-жыл менен 1835-жыл ортосунда Таластын же Калба, же Кырк-Казык айылдарынын биринде туулганын, уругу колпоч, уруусу саруунун ак кийизи болорун, Эшманбет экөө туугансып жүргөнүн, турмуш шарттын айынан 1855-1860-жылдар арасында Кетмен-Төбөнүн Торкенине келип отурукташып калганын жазат, айтуудан Ак-Чийдин Таке-Таш деген жеринде Дыйканбай той берип, чоң ат чабыш болуп, анда Дыйканбайдын өзүнүн аты байге алганда Арзымат ошону мактап ырдаган экен, Дыйканбай акынга ат мингизип, өзүнө ырчы кылып алыптыр. Токтогул Арзымат экөө сарттар уруусунун жакшыларынын бири Сопу бий атасы Керимкулга аш берген жерде ырдашат.
Токтогул жана Анжиян козголоңу. Советтик мезгилдеги токтогул таануучулар тие албаган дагы бир нерсе бар, ал — акындын Анжиян көтөрүлүшүнө катыштыгы. Аны "ак жеринен" камалды деп жүрөбүз. Токтогул эл турмушун, орус оторчулугун айтып ырдаган, ошонун өзү калкты күрөшкө чыгууга шыкак берген. Ал Кетмен-Төбөдө Намангандан келген соодагер Төрөхан Арифбай Агалаковдун дүкөн-үйүндө биринчи жолу 1897-жылы ошол жердин ээси менен таанышып, Фергана өрөөнүндө көтөрүлүш чыгарып, бай-манаптардын жана падыша чиновниктеринин бийлигин тартып алып, ири, күчтүү мусулман мамлекетин (калыйпалык) кура тургандыгын уккан. Кетмен-Төбөдөгү көтөрүлүштү даярдоо тобуна төрт киши кирет: алардын бири Төрө Бешкемпиров, бири жогорудагы Төрөхан, буларга ооган, фарс, өзбек улутунун өкүлдөрү да келип турган. Сөз жок, алар көтөрүлүштүн жарчылары, Мадали эшендин (көтөрүлүштүн жетекчиси Ийикчи эшен) өкүлдөрү болуп атпайбы. Менимче, дал ушул мезгилде Токтогулдун үгүт ырлары кеңири ырдалган болушу керек. Анжиян тополоңу анын уюштуруучусу Мадали эшен менен байланыштырылат. Козголоң жеңилген соң 700дөн ашык киши дарга асылат, атылат, калган 64 адам Сибирге сүргүнгө айдалат, алардын ичинен эң көбү багыш, сарыбагыш, сарттар урууларынан болгон.
Токтогул абакка кантип качан барганы тууралуу. Эсенгул Малгараевдин эскерүүсүнө караганда, Токтогул Сибирге сүргүн болгондор айдалып чыккандан жетинчи күндө деңиздин жээгине жетип пароходго салынат, андан кийин поезд менен Саратовго барат, андан Москванын түрмөсүнө камалат. Ушул жерде бир да орусча билбегендерге орус тили үйрөтүлөт, психологиялык адаптациядан өтүшөт. Тоголок Молдо менен жолугушууда Токтогулдун "Булбул Токоң Маскөөдө, акыл-эсин жыйнады" деп айтканы ошондон. Москвадан соң Иркутск, Забайкалье түрмөлөрү тил үйрөнүүсүн тереңдетет. Акын барган түрмө Иркутск шаарынан 76 чакырым түндүк-батыш тараптагы Бохан районундагы Александровский деген кыштактагы Александр централы деген абак жай. Ага жеткенге чейин эки жылдай убакыт кетиптир, араба, поезд, кеме менен жүрүшүптүр, төрт жылдай ошол түрмөдө болуп, Омскиге которуптур, ал жер кыйла эркинирээк болгон бейм, сыра (пиво) чыгаруучу заводдо төрт жыл иштептир (айрым маалыматтар боюнча). Бул жерде мусулмандар: татарлар, казактар кыйла көп иштешкен сыяктанат. Түрмөдө жалпысынан жети жыл отурганы айтылат.
Абактан качканбы, бошогонбу? 1905-жылдын жаз айында Сибирден качып чыгып Омбуда, казак жергесинде 1909-жылдын декабрына чейин жашырынып жүрөт. 20-декабрда Алматыга келет (К.Молдокасымов). Токтогул түрмөдөн эки жолу качканын, бирок кармалып калып, мөөнөтү 12 жылга чейин узартылганын, акыры 1910-жылы үчүнчү жолу качып, Кетмен-Төбөгө эки жылда жөө араң келгендигин, кийин 1913-жылы дагы бир жолу кармалганын К.Бобулов жазат. "Камакта жүрүп жети жыл, кайрылып басып эки жыл, тогуз жылда көрүптүр, туулуп-өскөн туурду" (Ысмайыл Борончиев), "алты жыл Шыбыр барганда, алла кудай дегенсиң, апта күн ачка калганда, аюунун этин жегенсиң" (Кулуке ырчы). Мында алты жыл болуп калды. "Сибирде он жыл жүрүп аман келдиң", "тогуз жылда Сибирден, тобуна Током келди эле" (Калык Акиев). Медина Богданова акын 1910-жылы качып келип, 1916-жылга чейин "жил нелегально" деп айтат. Акын "Казак жериндеги ыр" деген чыгармасында "он жылы жатып түрмөдө, канымдын баарын сордурдум" десе, "Жерди көргөндө" деген ырында "так он жылы өткөндө, олтурдум конуш ордума" дегени бар. Буларга караганда акын ата конушуна 1908-жылы келип атат. Токтогул таануучу Жаки Таштемиров "акын 1903-1904-жылдарда келген, бир жарым жылдан кийин экинчи ирет үйлөнгөн, бул 1906-жылы эле, экинчи жолу 1910-жылы камалган, анда үч баласы болгон, тилекке каршы, ал балдары кийин чарчап калган" дейт. Акын экинчи жолу 1909-жылы качып, ага Харитон, Семён жардам берип, жерине 1910-жылы келген деген да пикир бар (М.Г.Ватагин). Токтогул "Келгендеги кербезим" деген ырында "жети жылы мээнетти, тарткандагы кербезим" деген саптарды айтат. Ж. Жылкыбаевдин эскермесине караганда, Токтогул Анжиян түрмөсүнөн жөнөйт, көп жерде жөө жүрөт, арабага, пароходго түшөт, акырында Москвага поезд менен жетип, Москва түрмөсүндө эки жыл жатат, анан Александр централында үч жыл жатат, андан Омск түрмөсүндө төрт жыл. Төрт жыл толук отургандан кийин эки кыргыз, тогуз казак болуп качып чыгып, тогуз айдын жүзү болгондо Таласка келет. Жалпы суммалап чыксак түрмөдө 10 жыл болуп атат, анда 1908-жыл келип калат. Бул маалыматты акын өзү райкомдун катчысы Жумай Жылкыбаевге айтып бериптир. Р. Кыдырбаеванын жазганы боюнча, Токтогул 1910-жылы күзүндө 12 жылдан кийин кайрылып айылына келет. Токтогул менен бирге болгондордун ичинде Болот Жыртаковдун эскерүүсүндө Анжиян – Красноводск – Астрахань – Москва – Омск болуп отуруп, 1,5 жыл дегенде Иркутскиге Александр централына жетет. Ошол Александр централына бара жаткан жолдо Токтогул качат. Эки айдан кийин гана кармап келип, үстүнө он жыл кошот, колуна зоолу салат, бутундагы кишенин үч жылдан кийин гана чечет да, Байкал темир жолун курууга жиберишет. Ошол эле киши алар "жарым жылдык өмүрү Анжиян түрмөсүндө өткөнүн" белгилейт. Мына ушундай такталбаган даталар акындын өмүр жолун ээрчий келет.
Затаевич жана Токтогул. 1928-жылы эстетикалык табити абдан жогору адис Александр Затаевич Фрунзеге келип, Токтогулдун 18 күүсүн нотага түшүрөт, анын "Тогуз кайрык", "Миң кыял", "Шыңгырама кыз ойготор", "Алайдын миң кыял", "Токтогулдун кербези" деген күүлөрүн жогору баалайт, өмүр таржымалына өзгөчө кызыгып, орусча суудай билген акын менен кеңири сүйлөшөт. Токонун "Кыз ойготор" күүсүн угуп, татаалдыгынан улам бир топ жерин нотага түшүрө албай калыптыр, бирок жибип кеткенби, иши кылып, фортепианодо өзүнө ойноп бериптир (Б.Алагушев). Затаевичти акындын ыры, төкмөлүгү кызыктырбашы мүмкүн, себеби ал кыргызча түшүнгөн эмес, ага обондуулук, күү өнөрү гана керек болгон. Токтогул ошондо Фрунзеден таарынып кайткан экен, себеби бардыр. Затаевич ал жолу кетип, кайра үч жылдан кийин келсе Токтогул ырчы келбес жайга кеткен болот, ошондо европалык деңгээлдеги музыка таануучу жер муштап кала берген экен...
Максим Горький жана Токтогул. Адабиятчы Лев Пасынков эскерүүлөрүндө мындай деп жазыптыр: "1933-жылы Максим Горький Токтогул жөнүндө кабарды угуп, Токтогулдун карагай кыйган балта менен кыргыз комузун чаап, анын коштоосунда кыргыз-орус достугун даңазалап ырдаганын, "Орус күүсүн" комузга салып черткенин укканда муштумдарын түйүп, түйүлгөн муштумдарын тизесине матап, ага сыймыктанып жана кубанып, көз жашын көлдөтүп ыйлаган..." СССР Жазуучулар союзунун I съезди ошондон бир жылдан кийин, 1934-жылы Москвада чакырылат. Ошондо "орус революциянын күзгүсү" Горькийдин ооматы келип турган, ошол чогулушта авар элдик ашугу Сулейман Стальскийди сүйлөтөт, ал түз эле президиумдан чыгып ырын окуйт, кебин айтат, анын сөзү жана ыры Горькийге аябай катуу таасир эткен окшойт, айтор, көп өтпөй ушул сабатсыз, акылдуу, парасаттуу ашуг тууралуу тамшана жазып, аны "XX кылымдын Гомери" атайт, элдик поэзиянын акак-берметтери болгон мындай адамдарды сактоо керектигин жалпы дүйнөгө даңазалайт. Анан кыргыздар өз "сулеймандарын" издеп кирет. Албетте, алардын ири алды падышалык бийликтен ыдык көргөн, комузчу десе – комузчу, төкмө десе – төкмө, күүчү десе – күүчү, алтымыштан ашык шакирт чыгарган, анан жанагы Горькийди ыйлаткан Токтогул болгон. Бир нерсеси кем болгон белем, анын алдына "демократ", "композитор" деген эпитеттерди кошушат. Кыргыз ССРинин БАКтын президиуму "Кыргыз эл акыны Токтогул Сатылгановдун 70 жылдыгын белгилөө тууралуу" токтомун чыгарат жана Кыргызстан жазуучулар союзуна, Кыргыз мамлекеттик басмасына акындын чыгармаларын жыйноону жана жарыялоону тапшырат. Ал кезде, Жоомарт Бөкөнбаев жыйнаган маалымат боюнча, акындын туулган жылы 1860-жыл делип жүргөн. Дароо эле өкмөт жана Жазуучулар союзу Кетмен-Төбөгө жана Таласка АалыТокомбаев, Жоомарт Бөкөнбаев, Темиркул Үмөталиев ж.б. акындарды жиберет, алар Алымкул Үсөнбаев, Калык Акиев, Коргол Досуев, Атай Огонбаев ж.б. Токонун шакиртимин дегендерге жолугуп, акындын мурастарын жазып келишет.
Жоголгон ырлар. Токтогул Сатылгановдун өз оозунан бир да ыр жазып алынган эмес деп жүрөбүз. Андай эмес экен, айтуудан, 20-жылдардын соңу, 30-жылдардын башында эле акындын өзүнөн Б.Карпыков жана А.Кулукеев деген кишилер бир топ ырларын жазып алышкан экен, тилекке каршы, ал ырлар табылбай калган, же жок кылынган. Кийин 40-жылдарда Көк-Арт өрөөнүнөн элден жазып алган Узакбай Абдукаимовдун, андан кийин Сузак районунун Көк-Арт, Кара-Алма, Кыз-Көл айылдарынан Абдрасул Токтомушев, Саткын Сасыкбаев кагазга түшүрүп алган акындын чыгармалары эмне үчүн ың-жыңсыз жоголуп кеткени түшүнүксүз. Кала берсе Жоомарт Бөкөнбаев бир жолу 40-жылдарда Токтогулдун ырлары жазылган дептерди өрттөп салган экен.
Токтогул темасына жапырт кол уруу. Ошондон кийин партиялык тапшырмалар менен акындын чыгармаларын, жеке өмүрүн изилдөөлөр жүрөт. Алгачкылардан болуп Жазуучулар союзунун башчысы Аалы Токомбаев баш болуп 1937-жылы "Токтогул" аттуу макаласын жазат. 1938-жылы Жоомарт Бөкөнбаевдин "Токтогулдун ырлары – элдин кенчи", "Токтогул жана Коргол ырчы", "Элдин булбулу", "Шайыр акын", "Токтогулдун күүлөрү уурдалбасын", "Эл ырчысы", 1939-жылы "Токтогул Сатылганов", "Кыргыз элинин улуу акыны", "Токтогул менен Эшмамбет", "Калык ырчынын устаты" ж.б. макалалары чыгат. Алар аркылуу акындын атын тааныта баштайт, оруска каршы чыккандардын Анжиян көтөрүлүшү деп аталган окуясына катышкан кишини актоого, ошол кездин прогресивдүү адамы болгон интернационалист, демократ, революционер кылууга далалат жасашат. Жогорудагы демилгечилер тарабынан жыйналган акындын ырлары ал кездеги саясатка ылайык иргелип, саясий-идеологиялык электен өткөрүлүп китеп болуп чыгат, өмүр баяны тууралуу эссе жанрында Жоомарт Бөкөнбаев "Токтогулдун өмүрү" деген китебин жазат (1939), аспирант Тазабек Саманчиндин, жазуучу Касымаалы Баялиновдун да китептери чыгат. Ырлары орусчага которулат.
Орус тилин жакшы билген. Кетмен-Төбөнүн Мазар-Сай жагына барган өкмөттүк комиссиянын башчысы Николай Ладушев акынды 1927-жылдан 1931-жылга чейин котормочу катары алып жүрүп, "весельчак и комик, музыкант, певец, прекрасный и толковый переводчик" деп баалаган. Композитор Александр Власов да Токтогул орус тилинде дурус сүйлөп, комузда орус обондорун ойнойт дейт. Бир катар маалыматтарда ал орустардын "Барыня", татарлардын "Урал күйү", "Макаржа", "Каз канаты", өзбектердин "Йар-Йар", "Фергана" ж.б. күүлөрүн комузда жана балалайкада катыра черткени айтылат. Төкмөлөр куйма кулак, эс тутуму бышык болот эмеспи, Токтогул тилди да, маданиятты да тез эле үйрөнүп, орусча ырдап, сүйлөп калган. "Мен Сибирде көп жүрүп кыргыздын обондорун унутуп кеттим эле, ырдасам ногойчо (татарча) ырдачу элем. Айдоодон келип, Эшмамбет менен учурашканымда кадимки обонум, ырчылардын үнү эсиме түштү" деп а түгүл кыргызча унутуп калгандыгын айткан жайы бар экен. Устатын эң жакшы билген Калык ырчы анын өзбекче, казакча, дуңганча, татарча, орусча ырдап, күүлөрүн черткенин белгилейт.
Толук бүтпөй калган Токтогул темасы. Токтогул темасын жапырт "штурмалай" баштаганда Аалы Токомбаев роман жазып кирет, тарыхый каармандарды так атабай, ысымдарын бир аз өзгөртүп (Токон, Казанчы, Рыстуубек ж.б.) берет, эмне себептен? Эмне себептен тарыхый инсандарды азан чакыргандагы аты менен атабай, аларды "тергеп" жатат? Эмне себептен ошол жазып жаткан, башталышына караганда Мухтар Ауэзовдун "Абай жолундай" көп томдуу эпопея болчудай романын бүтпөй калган? Токтогул тууралуу жазуудан, чындыкты айтуудан корктубу? Же башка себеби, чоң себеби бар беле?! Ал кездеги №1 романчы Түгөлбай Сыдыкбеков да Жоомарт менен Кетмен-Төбөгө барат, Токтогулдун жери, эли менен таанышат, акындын өмүрү, чыгармачылыгы боюнча Калык, Алымкул, Коргол, Атай сыяктуу аны жакшы билгендер менен көп жолугат. Роман жазамын деп чамынат. Бирок жазбайт. Анчалык терең эмес, жалпыланган сөзү көп эки очерк жазып тим болот. Неге? Петр Балтин деген адабиятчы Токтогул тууралуу өтө оригиналдуу макалаларды жазат, 300 бет диссертациясы өзү иштеген Илимдер академиясында талкууланып, жогору бааланат, коргоого сунушталат. Бирок коргобойт. Эмнеге? Бүгүн булар сырдуу суроолор...
Акындын "Кедейканы". Улуу акын манас айтчу экен, "Олжобай менен Кишимжанды", "Жаныш, Байышты", "Курманбекти", "Шырдакбекти", "Саринжи-Бөкөйдү", "Нарикканды", "Дарканды", "Кедейканды" комуздун коштоосунда кыябын келтирип аткарчу экен. Бирок булардын бири да анын вариантында жазылбай, элге тарабай калды. Каниет, анын варианты делген "Кедейкан" Калык Акиевдин айтуусунда бизге жетти.
Токтогулдун казасы жана аны акыркы сапарга узатуу. Маалыматтар мындай: "1933-жылы 17-февралда дүйнөдөн кайтат" (Ж.Таштемиров). "Токтогул 1933-жылы март айында туулган жеринде дүйнөдөн кайтты" (Б.Алагушев). "Током 1933-жылы 20-мартта катуу оорудан кийин каза болду" (Э.Малгараев). "Умер Токтогул 17 февраля 1933 г. в родном кыштаке, умер от голода. От него не было записано ни строки" (М.Г.Ватагин). Токтогул... 2-мартта (А.Капаров). Кайсынысы туура? Канткен менен ырасы – 1933-жыл, үзүмчүлүк мезгили, ачарчылык жылдары. Үч уулу, бир кызы көзү өтүп кеткен, мүңкүрөп жүргөн... Ошондо үй-бүлөсүндөгү абал тууралуу өкмөттүк комиссия мындай деп жазган: "...аялы Матыке-Сейдимкан Сатылганова 55 жаш куракта, кызы Шакай (Гүлсара) Токтогулова 13 жашта, баласы Бабажан Токтогулов 9 жашта. Бул үй-бүлөдө малдан 2 жашар торпогу гана бар, башка мал-мүлкү жок. Сейдимкан Сатылганованын кан басымы төмөн, кызынын бат-бат пристубу кармап турат, Бабажан көйнөгү жоктуктан жылаңач этине күрмө кийип жүрөт". Мына ушундай абал. Токтогул мына ушундай абалда о дүйнө кете берди...
Токтогул өнөрдүн башка формаларында жана жер-суу аттарында. Акын тууралуу Аалы Токомбаевдин бүтпөй калган "Токтогул" романы (2014), Түгөлбай Сыдыкбековдун "Эки акын", "Кербез" очерктери, Төлөгөн Касымбековдун чыгармалары, анын ичинен "Келкел" роман-эпопеясында бир бөлүм жазылды. Акындын өмүр баяны Жоомарт Бөкөнбаевдин "Токтогул" (1940), Касымаалы Жантөшевдин "Эл ырчысы" (1952), Райкан Шүкүрбековдун "Акындын үмүтү" (1959), Бексултан Жакиевдин "Миң кыял" (1964), Токтоболот Абдумомуновдун "Сүйүү жана үмүт" (1965), Төлөгөн Касымбековдун "Алымкан" (1965) пьесаларынын, "Токтогул" деген ат менен үч операнын, В.Власовдун "Токтогул" симфониялык поэмасынын (1952), "Токтогул" (1969, режиссёр В.Ималиев) жана "Кербез" (1989, режиссер Георгий Николаенко) деген фильмдердин өзөгүн түздү. Оштогу чоң парк анын ысымын алып жүрөт, ал жерге жана борбор калаадагы опера жана балет театрынын жанына эстелиги тургузулган. Чоң аймактын бири Токтогул району деп аталат, эң ири суу-энергия станциясы да, Ысык-Көлдөгү теплоход да, республиканын филармониясы да, мамлекеттик сыйлыгы да анын атында. Ар бир райондо жок дегенде бирден мектеп акындын ысымын алып жүрөт. Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жыл түрк мамлекеттеринде "Токтогул Сатылганов жылы" деп жарыяланды, "Токтогул" энциклопедиясы чыкты, китептери бир катар түрк тилдеринде жарык көрдү.