Пресс-борбор

Кыргызстанда жаңыланып жаткан эки заводдон К-4 жана К-5 классындагы бензин чыгат

Күйүүчү майдын бул түрү абага зыяндуу заттардын чыгышын азайтат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Мунайды кайра иштеткен эки завод модернизацияланып жатат. Бул К-4 жана К-5 экологиялык классындагы бензинди чыгарууга шарт түзөрүн экономика министринин орун басары Айнура Усенбекова билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингге катышкан.
Учурда "Кыргызнефтегаз" менен Кара-Балтадагы "Жунда" заводдорун модернизациялоо иштери жүрүп жатат.
"Эки заводго жасалган жалпы инвестиция 900 миллион долларга жакын. Быйыл бул эки заводдун модернизациясынын биринчи же экинчи этабы соңуна чыгып, К-4 жана К-5 үлгүсүндөгү сапаттуу продукция чыгара баштайбыз деп пландап жатабыз", — деди министрдин орун басары.
Белгилей кетсек, күйүүчү майдын бул түрү абага зыяндуу заттардын чыгышын азайтат. Мисалы, К-5 бензининде К-3кө караганда күкүрттүн курамы үч эсе төмөн.
Өлкө өткөн жылдын 9 айында 447 млн. литр бензин сатып алган