Камчы Көлбаевге тийиштүү болгон автоунаалар сатылды

Баарынан да BMW X6 кымбат сатылган. Ал 7,7 миллион сомго өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Убагында Кримтөбөл Камчы Көлбаевге тийиштүү болгон автоунаалар электрондук аукцион аркылуу сатылды. Маалыматты Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги тастыктады.
Аукциондун жыйынтыгы боюнча төмөнкү автоунаалар сатылды:
Hyundai Genesis (2019-жылкы) — 3 млн. 17 миң сом;
Toyota Land Cruiser Prado (2005-жылкы) — 1 млн. 498 миң;
Kia Rio X-Line (2019-жылкы) — 1 млн. 241 миң;
BMW X6 (2021-жылкы) — 7 млн. 661 миң;
Toyota Land Cruiser 100 (2002-жылкы) — 1 млн. 187 миң.
Мындан тышкары, тизмеде ГАЗ-21 (1965-жылкы) машинасы бар. Бирок бул авто буга чейин Көлбаевден конфискацияланган мүлк катары көрсөтүлгөн эмес.
Эске салсак, айрым автоунааларды сатуу аракеттери буга чейин болгон. Бирок сатып алуучулар табылбай келген.
УКМК Көлбаевдин эки машинасы маморгандарга берилди деген маалыматты төгүндөдү