Кыргызстан ЕАЭБ мамлекеттери менен 4,4 млрд. долларга соода жүргүзгөн

Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Евразия экономикалык бирикмесине мүчө мамлекеттер менен 2023-жылдагы соода жүгүртүүсү 4,4 миллиард долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Республиканын тышкы соодасынын жалпы көлөмү 15,7 миллиардга жеткен.

"ЕАЭБ менен болгон соода алака 4,4 миллиард долларды түздү. Анын көпчүлүк бөлүгү Россия (67,3 пайыз) менен Казакстанга (30,3 пайыз) туура келет", — деп айтылат маалыматта.

Радио
Абдыров: терс божомолдорго карабастан ЕАЭБдин экономикасы өсүүдө