Көп таланттын жылдызы жанган. "Мен — Тянь-Шань" тасмасындагы ирмемдер

Мындан 51 жыл мурун "Мен — Тянь-Шань" тасмасы көрүүчүлөргө сунушталган. Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган кинокартинанын архивдик сүрөттөрүн таап чыкты.
Sputnik
Белгилүү советтик кинорежиссер Ирина Поплавская 1970-жылдардын башында республикага келип, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" чыгармасынын негизинде "Мен — Тянь-Шань" тасмасын тартууга киришкен. Анын оператору Кадыржан Кыдыралиев менен Валерий Шувалов болуп, тартуу иштерин негизинен москвалык адистер жүргүзгөн.
Кинофильмдин көпчүлүк бөлүгү Кара-Көл, Балыкчы шаарларында, Москвадагы павильондо, Долон, Төө-Ашууда тартылган.
Айдоочу жигиттин сүйүүсүн баяндаган кинокартинага Сүймөнкул Чокморов, Дүйшөн Байдөбөтов, Динара Чочунбаева, Анара Мамбетова, Акылбек Абдыкалыков, Тургун Бердалиев, Жумаш Сыдыкбекова, Бакирдин Алиев, Марат Алышпаев, Алиман Жангорозова, Советбек Жумадылов, Назирет Дубашев, Асанкул Куттубаев, Болот Шалтаев, Володя Ким катышкан. Кыргыз жеринде тартылган кинофильм 1973-жылы кинотеатрларда коюла баштаган.
Тема боюнча:
Кыргыз балетинин чолпон жылдызы эле. Чолпонбек Базарбаевдин сейрек сүрөттөрү
Киного 18 жашында аралашкан. Режиссер Төлөгөн Сыдыковдун сүрөттөрү
Эл эмгектен эскерет... Жумабек Ибраимовдун сүрөттө калган ирмемдери
75 жашка толмок. Айтылуу тасмаларды тарткан оператор Мурат Алиевдин сүрөттөрү