Кыргыз балетинин чолпон жылдызы эле. Чолпонбек Базарбаевдин сейрек сүрөттөрү

Бүгүн СССРдин эл артисти, белгилүү балетмейстер Чолпонбек Базарбаевдин туулган күнү. Кыргыз балетиндеги жаркыраган таланттын көзү тирүү болгондо быйыл 75 жашка толмок.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар инсандын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Чолпонбек Базарбаев 1949-жылы 4-февралда Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айлында төрөлүп, Фрунзедеги музыкалык-хореографиялык училищеде окуган. Кийин Москвадагы академиялык хореографиялык окуу жайда кесипкөйлүгүн жогорулатып, Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрына солист болуп ишке кирген. Балет бийчиси сахнада алгач массалык бийлерге катышып жүрүп, кийин жалаң башкы ролдорду аткарган. Күжүрмөн талант 25 жылда 30дан ашык дүйнөлүк классикалык спектаклде бийлеп, 33 жашында СССРдин эл артисти болгон. Кыргыз ССРинин эл артисти өлкө эгемендүүлүк алган соң Кыргызстандагы театр ишмерлеринин союзунда төрага, Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрынын директору, көркөм жетекчи кызматын аркалап, үч жыл Маданият министрлигин жетектеген. Таланттуу инсан 2002-жылы жол кырсыгынан көз жумган.
1 / 15

Чолпонбек Базарбаев элеттен 10 жашында келип, Фрунзедеги музыкалык-хореографиялык училищеде окуй баштаган

2 / 15

Жаш талант 19 жашында атасынан ажырап, апасынын таянар тоосу болуп бир туугандарын чоңойтууга көмөктөшкөн

3 / 15

Базарбаев бир жылдай Москвада билим алып келген соң Опера жана балет театрынын солисти болгон

4 / 15

Спектаклдин алдында таланттуу бийчини кийиндирген костюмер

5 / 15

Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрынын сахнасында коюлган композитор Калый Молдобасановдун "Саманчынын жолу" балети. Биринчи катарда Айсулуу Токомбаева, экинчи катарда таланттуу бийчилер (экинчи турган Чолпонбек Базарбаев).

6 / 15

Кыргыз балетинин өчпөс жылдыздары Айсулуу Токомбаева менен Чолпонбек Базарбаев

7 / 15

Кыргыз ССРинин эл артисти чыгармачылыгында ондогон дүйнөлүк классикалык спектаклде бийлеген

8 / 15

Таланттуу инсан күжүрмөн эмгеги, талыкпас аракетинин аркасында 33 жашында СССРдин эл артисти наамын алган

9 / 15

Жаш жубайлар: балетмейстер келинчеги Надежда Базарбаева 20 жашта экенде үйлөнүп, бирге түтүн булатышкан

10 / 15

Советтик белгилүү актер Савелий Крамаров менен Чолпонбек Базарбаев

11 / 15

Базарбаев өзү эмгектенген Опера жана балет театрынын көркөм жетекчиси, директору кызматтарын аркалаган

12 / 15

Маданият министри Чолпонбек Базарбаев белгилүү казак жазуучусу Мухтар Шаханов менен

13 / 15

Италияга командировкага министрди коштоп барган кинооператорлор Карель Абдыкулов менен Тынай Ибрагимов

14 / 15

Жубайлар 33 жыл бирге өмүр сүрүп, эки баланы тарбиялап өстүргөн. Сүрөттө уулдары Нурлан жана Таалай.

15 / 15

Атактуу балетмейстер 53 жашында көз жумган. Быйыл анын 75 жылдыгы белгиленүүдө.

Тема боюнча:
Киного 18 жашында аралашкан. Режиссер Төлөгөн Сыдыковдун сүрөттөрү
Эл эмгектен эскерет... Жумабек Ибраимовдун сүрөттө калган ирмемдери
75 жашка толмок. Айтылуу тасмаларды тарткан оператор Мурат Алиевдин сүрөттөрү