Эл эмгектен эскерет... Жумабек Ибраимовдун сүрөттө калган ирмемдери

Бүгүн — белгилүү мамлекеттик ишмер Жумабек Ибраимовдун туулган күнү. Экс-премьер-министрдин көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттиги саясатчынын сүрөттөрүн сунуштайт.
Sputnik
Жумабек Ибраимов 1944-жылы 1-январда Чүй облусунун Кемин районундагы Жаңы-Алыш айылында жарык дүйнөгө келген. Элетте айыл чарба техникаларынын кыймылдаткычтарын оңдогон слесардын жардамчысы болуп иштеп жүрүп, бир кесипке ээси болууну эңсейт. Жаш жигит Фрунзедеги политехникалык институтка тапшырып, аны ийгиликтүү аяктаган соң мугалимдикти аркалаган. Кийин Москвадагы курулуш институтунда тажрыйба топтоп келип, Фрунзе атындагы айыл чарба техникасын куруу заводунда инженер, Балыкчыдагы ири ишканада инженер, 37 жашында ошол заводдун директору кызматына дайындалат.
1985-жылы Балыкчы шаардык элдик көзөмөл комитетинин төрагасы, Коммунисттик партиянын ошол калаадагы биринчи катчысы болот. Үч жылдан кийин өлкөнүн компартиясынын уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысынын биринчи орун басары, Чүй облустук компартиянын экинчи катчысы болуп дайындалып бир катар кызматтык тепкичтерди басып өткөн. Эгемендүүлүк жылдары Жогорку Кеңештин эки жолку депутаты болуп шайланат. Иш билги инсан 90-жылдары ошол кездеги президенттин сунушу менен Бишкектин мэри, мамлекеттик катчы, мамлекет башчысынын кеңешчиси болуп жүрүп премьер-министрликке чейин жеткен. Мамлекеттик ишмер 1999-жылы 55 жашында онкологиялык оорудан улам дүйнөдөн кайткан.
1 / 13

Болочоктогу мамлекеттик ишмер Кемин районунун Жаңы-Алыш айылында төрөлгөн

2 / 13

Ибраимов жогорку окуу жайды бүтүрүп келген соң бир канча ишканаларда эмгектенген

3 / 13

Ал Фрунзе атындагы айыл чарба техникасын куруу заводунун инженери, 37 жашында Балыкчыдагы ири ишкананын директору болгон

4 / 13

Элди артынан ээрчите алган кесипкөй жетекчи 80-жылдары Ысык-Көл облусунда иштеген

5 / 13

Өлкө эмгемендүүлүк алганга чейин мамлекеттик ишмер компартиянын уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысынын биринчи орун басары, Чүй облустук компартиянын экинчи катчысы болгон

6 / 13

Саясатчы СССРдин Жогорку Советинин бир жолку, КРдин Жогорку Кеңешинин эки жолку депутаты болуп шайланган

7 / 13

Физика-математика илимдеринин кандидаты Акаевдин көзүнө илинип анын кеңешчиси, Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү, мамлекеттик катчы болгон жайы бар

8 / 13

Мамлекеттик жана коомдук ишмер чет элдик кесиптештери менен

9 / 13

Акаев 1998-жылдын декабрь айында Жумабек Ибраимовду премьер-министрлик кызматка дайындаган

10 / 13

Өкмөт башчы ал жылдары чет элдик иш сапарларга эл катары эконом-класс менен учкан

11 / 13

Россия менен Кыргызстандын ортосунда кол коюу. Сүрөттө РФтин премьер-министри Евгений Примаков менен.

12 / 13

Ибраимов онкологиялык илдет менен алышып жүрүп Москвада да дарыланган

13 / 13

Кыргыздын камчыга сап уулу 55 жашында жерге берилген

Тема боюнча:
Чарчап-чаалыкпаган жаратман. Табылды Эгембердиевдин жашоосунан сүрөт баян
Миңдеген адамдын дартына даба тапкан Миталип Мамытов. Нейрохирургдун сүрөттөрү
Кыргыз кино өнөрүнүн алптарынын, залкарларынын, генийлеринин кызыктуу сүрөттөрү
42 жашында өлкө башына келген. Турдакун Усубалиевди эскерген сүрөт баян