Аксуубай Атабаевдин ырлары менен таң атып, кеч кирчү... Залкардын сүрөттөгү элеси

Быйыл 22-декабрда атактуу ырчы жана обончу Аксуубай Атабаев 80 жашын белгилемек. Анын обондору эл арасында жаштык, сүйүүнүн гимни болуп калды.
Sputnik
Казакстандын даңазалуу композитору, "казак вальсынын падышасы" Шамшы Калдаяков "Он сегиз жаш", "Чагылган" ырларынын обонун жазган Аксуубай менен кыргыздын асманында улуу тагдыр пайда болду" деп суктанган экен. Колумнист Алмаз Батилов залкар композитордун жеке архивинен сүрөт баяндама жасаган.
1 / 15

Аксуубай Атабаев 1943-жылы 22-декабрда Ак-Суу аймагындагы Ак-Булуң айылында жарык дүйнөгө келген

2 / 15

Музыкага шыгы бала кезинен эле байкалат. Чыгармачылык жолун айылдашы атактуу комузчу Ыбырай Туманов ачат

3 / 15

Атабаев адегенде Пржевальск (азыркы Каракол) шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-интернатында окуйт

4 / 15

14 жашында бөлөсү Осмонкул Асанкуловдон комуз черткенди үйрөнөт. Ошол убакта "Мектебим", "Түргөн" жана "Ак-Булуң"аттуу обондорун жаратат

5 / 15

Андан соң Фрунзедеги Мураталы Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайына өтөт. Ал жерден акын Мариям Буларкиеванын "Курбулар" аттуу ырына обон жазат

6 / 15

Атабаев 1961-жылы СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн катарына чакырылат. Балтика Аскер-деңиз флотунун борбору Кронштадт кааласында кызматын өтөп баштайт

7 / 15

Залкар комузчу Самара Токтакунова Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайында Аксуубай Атабаев менен бирге окуган. Ал аскерде кызмат өтөп жүргөн учурда Токтакунова "Курбулар" аттуу ырдын тексти менен обонун дирижер Эсенгул Жумабаевге көрсөтөт. Жумабаев оркестрге салып, ырчы Сабира Суранчиевага ырдатат. Жогорудагы ыр "Кыргыз радиосунун" эфиринен берилип, эл арасында абдан популярдуу болот

8 / 15

Аксуубай аскердик кызматын өтөп жүргөн учурда өпкөсүнө суук тийгизет. 1961-жылы бул дарттын айынан Кыргызстанга кайтат. Атабаев "обондорумдун башаты — "Курбулар" ыры" дечү

9 / 15

Аксуубай Атабаев УТРКга берген маегинде "Он сегиз жаш" аттуу чыгарманы акын Кемел Бакашов менен биргелешип жазышканы тууралуу айткан. Бул ырдын обонун да Атабаев жазган

10 / 15

Атабаев акын Какен Алмазбековдун "Чагылган" аттуу ырына обон жазат. Бир аз убакыттан кийин дагы бир акын Абзий Кыдыровдун "Таалайбек" аттуу чыгармасын ырга салат

11 / 15

1967-жылы Атабаев "Он сегиз жаш", "Чагылган" жана "Таалайбек" ырларын жаш ырчы Зейнеп Шакеевага сунуштап, үч ырды бир күндө жаздырышат

12 / 15

Бул чыгармалар радиодон берилип, элдик ырларга айланат. Кызыгы — аларды аткарган Шакеева өзү да 18 жашта эле. Бул үч ыр эл арасында жаштык, сүйүү жана бейкутчулуктун гимни болуп калды

13 / 15

1960-жылдардын аягында Казакстандын атактуу композитору, "казак вальсынын падышасы" Шамшы Калдаяков борбор калаага Атабаев менен атайын кезигүүгө келген. Бул жолугушуунун күбөсү белгилүү журналист маркум Орузбай Абдулхакимов "казак элинин чолпон жылдызы композитор Шамшы Калдаяков "Он сегиз жаш" менен "Чагылган" ырларынын обондорун жазган Аксуубай менен кыргыздын асманында улуу тагдыр пайда болду" деп Атабаевге суктанганын айтып берген

14 / 15

Аксуубай кичи мекени Ак-Булуң айылында эс алып жүргөн маалда акын Абдыш Токторовдун "Тоолор" ырына обон жазат. Ыр тез жайылып кетет. Маркум кинорежиссер Дооронбек Садырбаев бул ырды Төө-Ашууда Атабаевдин аткаруусунда тарткан. Маданият ишмерлери бул чыгарманы советтик Кыргызстандын алгачкы клиби дешет

15 / 15

1960-70-жылдары Атабаевдин замандаштары "Аксуубайдын ырлары менен таң атып, кеч кирет" дешер эле...

Тема боюнча:
Театрдын жарык жылдызы эле... Актер Азиз Мурадилаевдин сүрөттө калган элеси
Толгонай, Асел, Сейде... Айтматовдун каармандары театр сахнасында
Кыргыз кино өнөрүнүн алптарынын, залкарларынын, генийлеринин кызыктуу сүрөттөрү
Аксуубай Атабаевдин кызы: атамды Рысбай Абдыкадыров "кыргыз обонунун пири" дечү