Казакстанга жардам берген кыргыз куткаруучулары кайтып келишти

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ӨКМ кызматкерлерине ыраазычылык билдирип жылуу узатышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Кыргызстандык куткаруучулардын Казакстандагы миссиясы аяктап, кайтып келишти. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
1 / 3

Кыргызстандык куткаруучулардын Казакстандагы миссиясы аяктап, кайтып келишти

2 / 3

Кордай районунун акими жана өлкөнүн ӨКМи кыйын күндө кол сунуп жардам берген кыргыз куткаруучуларына терең ыраазычылык билдирүү менен грамота жана баалуу сыйлык тапшырып, жылуу узатышкан

3 / 3

Кордай районунда 14-декабрда жааган кардан улам кар күрткүсү пайда болуп, Алматы — Бишкек жолунда 150дөй автоунаа жүргүнчүлөрү менен калып калган

Маалыматка ылайык, Кордай районунун акими жана өлкөнүн ӨКМи кыйын күндө кол сунуп жардам берген кыргыз куткаруучуларына терең ыраазычылык билдирүү менен грамота жана баалуу сыйлык тапшырып, жылуу узатышкан.
Белгилей кетсек, Кордай районунда 14-декабрда жааган кардан улам кар күрткүсү пайда болуп, Алматы — Бишкек жолунда 150дөй автоунаа жүргүнчүлөрү менен калып калган. 15-декабрга караган түнү Кыргызстан 39 куткаруучу, беш оор техника, бир пикап жана эки карда жүрүүчү унаа жиберген. Алардын жардамы менен бороон-чапкындуу жолдо калган Кыргызстандын 16 жараны мекенине жеткирилди. Мындан сырткары, карга тыгылган эки жүк ташуучу жана үч жеңил унааны сүйрөп чыгарышкан.
КР куткаруучулары Казакстанда карда калган унааларды сүйрөп чыгарууда. Видео